Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-ноябры № 33-28
“Аламүдүн айыл аймагында Ардак наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу
“Аламүдүн айыл аймагында Ардак наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө” жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагында Ардак наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө” жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |
Аламүдүн айыл аймагында Ардак наамдарды ыйгаруунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын уставына ылайык иштелип чыкты жана Аламүдүн айыл аймагында Ардак наамдарды ыйгаруунун негизин, тартибин белгилейт.
2. Аламүдүн айыл аймагында төмөнкүдөй Ардак наамдар ыйгарылат:
- “Аламүдүн айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы;
- “Айылдын Ардактуу атуулу” наамы;
- “Мыкты үй-бүлө” наамы;
- “Үлгүлүү үй” наамы;
- “Үлгүлүү көчө” наамы;
- “Үлгүлүү айыл” наамы.
II. Ардак наамдарды ыйгаруунун негиздери жана критерийлери
3. “Аламүдүн айыл аймагынын Ардактуу атуулу” жана “Айылдын Ардактуу атуулу” наамдары адамдын Аламүдүн айыл аймагынын калкынын алдында сиңирген зор кызматы үчүн берилген эң жогорку баа болуп саналат.
4. “Аламүдүн айыл аймагынын Ардактуу атуулу” жана “Айылдын Ардактуу атуулу” наамдары төмөнкү негиздер боюнча ыйгарылат:
- Аламүдүн айыл аймагын өнүктүрүүгө жана анын калкынын бакубат жашоосун камсыз кылууга кошкон зор салымы;
- илим, техника, маданият, искусство, дене тарбия жана массалык спорт, билим берүү, саламаттык сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, тынчтыкты жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо, экономиканы жана өндүрүштү өнүктүрүү, шаар куруу жана архитектура, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту сактоо, демократияны чыңдоо жана адамдын жана жарандын укуктарын коргоо жаатындагы көрүнүктүү эмгектери;
- Аламүдүн айыл аймагынын жана (же) Кыргыз Республикасынын жаргалчылыгы үчүн жасаган кайраттуу иштери;
- Аламүдүн айыл аймагында кайрымдуулук иштерин уюштуруудагы жана жүргүзүүдөгү олуттуу жетишкендиктери.
5. “Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулу” жана “Айылдын ардактуу атуулу” наамдары Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга ушул Жобонун 4-пунктунда каралган негиздер боюнча ыйгарылат.
6. “Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулу” жана “Айылдын ардактуу атуулу” наамдары жеке наам, өмүр бою ыйгарылат жана ушул Жободо каралган учурлардан башка учурларда кайра алынышы мүмкүн эмес.
7. “Мыкты үй-бүлө” наамы төмөнкү үй-бүлөлөргө ыйгарылат:
- үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн гармониялуу өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн үй-бүлөлөргө;
- балдардын ден соолугуна, билимине, физикалык, рухий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кам көргөн үй-бүлөлөргө;
- мүчөлөрү жергиликтүү коомдоштуктун, айыл аймагынын, облустун, өлкөнүн жашоосуна жигердүү катышкан, муниципалдык, мамлекеттик жана коомдук сыйлыктар менен сыйланган үй-бүлөлөргө;
- балдарга эстетикалык тарбия берүүгө, аларды чыгармачылык жана искусство, маданий-тарыхый мурастар, улуттук маданият менен тааныштырууга көңүл бурган үй-бүлөлөргө.
8. “Үлгүлүү үй” наамы көп батирлүү үйлөргө жана жеке үй ээликтерине төмөнкү негиздер боюнча ыйгарылат:
- көп батирлүү үйдү башкаруудагы жана тейлөөдөгү ийгиликтер;
- заманбап энергияны үнөмдөөчү жана энергия эффективдүү технологияларды киргизүү;
- жарандардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү;
- аймакты жашылдандыруу жана абаттоо;
- үйдүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу;
- жооптуу турак жай ээлеринин институтун өнүктүрүү;
- короону жана үйдүн жанындагы жерди талаптагыдай санитардык жана өрткө каршы абалда кармоо, үйдүн жанында, тосмонун жанында таштандынын, баткактын жоктугу;
- чектеш аймакты жарыктандыруу;
- көп кабаттуу үйлөрдү жана үйдүн жанындагы жерди жакшыртуу жана күтүү боюнча жашоочулардын демилгелерин колдоо;
9. Мындай имараттын дубалына “Үлгүлүү үй” деген тактача жайгаштырылат.
10. “Үлгүлүү көчө” наамы төмөнкү критерийлер боюнча ыйгарылат:
- үйлөрдүн фасадынын абалы;
- КТКны ташып кетүүгө келишимдердин болушу;
- үйлөрдө эскертүүлөрдүн жана номерлердин болушу;
- көчөнү жашылдандыруу;
- дубалдардын (тосмолордун) эстетикалык абалы;
- дренаждык суу аккан арыктардын абалы;
- көчөлөрдү жарыктандыруу;
- көчөнүн тургундарынын коомдук тартипти сакташы;
- көчөлөрдү, короолорду талаптагыдай санитардык абалда кармоо, таштандылардын, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайлардын жоктугу.
11. “Үлгүлүү айыл” наамы төмөнкү критерийлер боюнча ыйгарылат:
- жашылдандыруу, сейилбактардын, эс алуу жайларынын болушу;
- абаттоонун деңгээли;
- көчөлөрдү жарыктандыруунун абалы;
- үйлөрдө номурдук белгилердин, көчөлөрдүн кесилишинде аншлагдардын болушу;
- күркөлөрдүн, соода чатырларынын жанаша аймагынын абалы;
- тургундарды айылды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө тартуу;
- башаламан соода орундарынын болушу;
- башаламан таштанды төгүүчү жайлардын болушу.
III. Ардак наамдарды ыйгаруу тартиби
12. Ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө чечим Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынат.
13. Ардак наамдарды ыйгаруу төмөнкүлөрдүн өтүнүчү боюнча ишке ашырылат:
- Аламүдүн айылдык кеңешинин депутатынын;
- Аламүдүн айыл аймагынын Башчысынын;
- коомдук бирикмелердин;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун, менчик ээлеринин шериктиктеринин;
- эмгек жамааттарынын;
- Аламүдүн айыл аймагынын Ардактуу атуулдарынын;
- айыл башчысынын;
- аксакалдар сотунун;
- Аламүдүн айыл аймагында жашаган жери боюнча каттоого турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын.
14. “Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулу” жана “Айылдын ардактуу атуулу” наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
- талапкердин макулдугун көрсөткөн сунуштама каты;
- ардактуу наамды ыйгаруу үчүн маанилүү болгон өмүр баянынын фактыларын ырастоочу документтер тиркелген арыз ээсинин толук өмүр баяны;
- талапкердин өндүрүштүк, илимий, коомдук ишмердүүлүгүн ырастагандыгы тууралуу документтер тиркелген талапкердин сиңирген эмгегинин жана жетишкендиктеринин сыпаттамасы;
- сүрөт;
- эмгек жамаатынын чогулушунун, коомдук бирикменин тиешелүү органынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун ж.б.у.с. отурумдарынын протоколунан көчүрмө;
- эгерде демилгелүү топ өтүнүч кат менен кайрылса, кол коюлган барак. Кол коюлган баракта демилгелүү топтун мүчөлөрү өз колдору менен өздөрүнүн аты-жөнүн, өздүгүн күбөлөндүргөн документтеги маалыматтарды (өздүгүн күбөлөндүргөн документтин номурун, ким тарабынан жана качан берилгендигин), жашаган жеринин дарегин көрсөтүп, колун жана аны киргизүү датасын коюшат. Кол коюлган барак кол топтоону ишке ашырган демилгелүү топтун мүчөсү тарабынан күбөлөндүрүлөт.
15. “Мыкты үй-бүлө” наамын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
- арыз ээлеринин өздүгүн жана Аламүдүн айыл аймагында жашаган фактысын ырастоочу документтер;
- никелешүү тууралуу күбөлүк;
- ар бир балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- грамоталардын, дипломдордун, ыраазычылык каттарынын көчүрмөлөрү (бар болсо);
- 20 даанадан ашпаган үй-бүлөлүк сүрөттөр (JPG же TIFF форматында, 300 dpi; ар бир сүрөттүн кол тамгасы болушу керек; сүрөттүн табияты – үй-бүлө ичиндеги эң жакшы салттарды жана мамилелерди чагылдырган позитивдүү);
- үй-бүлөнүн каалоосу боюнча берилген кошумча материалдар (портфолио, ЖМКлардагы басылмалардын көчүрмөлөрү ж.б.);
- ошондой эле, ар бир үй-бүлөгө үй-бүлөнүн курамы, анын жетишкендиктери, үй-бүлөлүк баалуулуктар жана салттар жөнүндө маалыматты камтыган Microsoft PowerPoint форматындагы презентация (20 слайддан ашык эмес) же видеотасма (2 мүнөттөн ашык эмес) зарыл.
16. “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” Ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
- Ардак наам ыйгарылуучу объектинин аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү;
- Ардак наам ыйгарылуучу объектинин мүнөздөмөсү;
- бар болсо объектинин техникалык паспортунун көчүрмөсү;
- юридикалык жактардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
- объектини ардак наамды ыйгарууга даярдоого эң активдүү катышкан ТОСтун, ТЭШтин кызматкерлеринин, көп батирлүү үйдөгү турак жайлардын ээлеринин тизмеси;
- 10 даанадан ашпаган сүрөт (JPG же TIFF форматында, 300 dpi);
- Ардак наам ыйгарылуучу объекти жөнүндө маалыматты камтыган Microsoft PowerPoint форматындагы презентация (20 слайддан ашык эмес) же видеотасма (2 мүнөттөн ашык эмес).
17. Ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч кат Аламүдүн айыл өкмөтүнө Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына жазуу жүзүндө киргизилет.
18. Ардак наамдарды ыйгаруу жөнүндө келип түшкөн өтүнүч кат 3 жумушчу күндүн аралыгында Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сайтына калкка маалымат жеткирүү жана пикирин билүү үчүн жайгаштырылат. Өтүнүч кат калкка социалдык тармактар, WhatsApp тайпалары жана башка байланыш каражаттарын колдонуу аркылуу жеткирилиши мүмкүн. Калкка сурамжылоо жүргүзүү мөөнөтү – өтүнүч кат Аламүдүн айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылган күндөн тартып бир айдан кем эмес.
19. Аламүдүн айыл өкмөтү өтүнүч катты ар тараптуу карап чыккандан кийин калкты сурамжылоонун жыйынтыгын эске алып, берилген документтерди Аламүдүн айылдык кеңешине тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жиберет.
20. Ардак наамдардын күбөлүгү Ардак наамдар ыйгарылган адамдарга жана объектилердин жетекчилерине Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы жана Аламүдүн айылдык кеңешинин төрагасы тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат.
21. “Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулу” жана “Айылдын ардактуу атуулу” Ардак наамдары менен сыйланган адамдарга кошумча төш белгилер тапшырылат.
22. “Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулу”, “Айылдын ардактуу атуулу” Ардак наамдарынын күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдоо ушул Жобонун № 1 тиркемесине ылайык Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан камсыз кылынат.
23. Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулдарынын ысымдары Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулдарынын китебине хронологиялык тартипте киргизилет. Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулдарынын китеби Аламүдүн айылдык кеңешинде туруктуу сакталат.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын
ардактуу атуулдарынын укуктары жана жеңилдиктери
24. Наам ыйгарылган жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:
- Аламүдүн айыл аймагынын чегинде муниципалдык коомдук транспортто бекер жүрүүгө;
- Аламүдүн айыл аймагынын саламаттык сактоо мекемелеринде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кезексиз кабыл алууга;
- Аламүдүн айылдык кеңешинин сессияларына кеңеш берүүчү добуш укугу менен катышууга;
- Аламүдүн айылдык кеңешинин чечими боюнча финансылык төлөмдөргө.
25. Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулунун урматына Аламүдүн айыл аймагынын калктуу конуштарынын көчөлөрүнүн бири Аламүдүн айыл аймагынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте аталышы же аталышын өзгөртүү мүмкүн.
26. Наамынан ажыратуу Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
- адеп-ахлаксыз жүрүм-туруму;
- кылмыш аракеттери жасалганда жана Аламүдүн айыл аймагынын ардактуу атуулуна карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде.
V. Корутунду жобо
27. Ушул Жободо каралган Ардак наамдарды ыйгарууга байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
28. Ушул Жобо, ага өзгөртүүлөр, толуктоолор Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Аламүдүн айыл аймагында ардак наамдарды
ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобого
№ 1 тиркеме
Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын Ардактуу атуулу
төш белгисинин сыпатталышы
Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулу төш белгиси диаметри 27 мм болгон түз тегерек формасына ээ. Ортосунда төш белгинин алдыңкы бетинде Кыргыз Республикасынын гербинин рельефтүү сүрөтү жайгашкан. Кыргыз Республикасынын гербинин сүрөтүн тегерете мамлекеттик тилде “Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулу” деген рельефтүү тамгалар менен жазылат.
Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулу төш белгиси илмектин жана тогоонун жардамы менен туурасы 25 мм жана бийиктиги 15 мм тик бурчтуу калыпка бириктирилип, ага Кыргыз Республикасынын туусунун сүрөтү эмаль менен түшүрүлөт.
Калыптын арткы жагында кийимге тогоону бекитүү үчүн төөнөгүч бар.
Төш белгинин негизи, илмек жана ортодогу тогоо алтын жалатылган күмүштөн, калыптын негизи таза күмүштөн жасалат.
Аламүдүн айыл аймагынын/айылдын ардактуу атуулу төш белгиси көкүрөктүн оң жагына тагылат.