Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-ноябры № 36-28
Лизингдик төлөм жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин муниципалдык ишканалар үчүн техника сатып алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө буга чейин төмөнкү муниципалдык ишканалар үчүн лизингге алган транспорт каражаттарынын лизингдик төлөмүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөөгө уруксат берилсин:
“Аламүдүн Авто-Транс” МИ;
“Мээнет-Аламүдүн” МИ;
“Муницкурулуш” МИ.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |