Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 18-ноябры № 37-28
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Ленин айылдык кеңешинин мурда кабыл алынган 2021-жылдын 20-сентябрындагы № 10/10-ХХVIII токтомун жокко чыгуруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Келишим боюнча төмөнкү иш-чаралар үчүн квалификациялуу юрист тартылсын:
- сотто өкүл болуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн, кызмат акысы келишимге ылайык төлөнүп берилсин;
- “Ленин жана Аламүдүн айыл аймактарынын ортосундагы чек араларды бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун юридикалык жактан коштоо үчүн келишимге ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө ураксат берилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |