Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 38-28
Долбоорлор жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин айыл аймагынын социалдык жактан өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылга карата каржылоочу конкурска катышуу үчүн төмөнкү долбоорлор бекитилсин:
- “Тумар” балдарга билим берүү мекемесинин фасадын жана фронтонун оңдоп-түзөө жана жасалгалоо, имаратка көлөкө түшүрүүчү чатыр орнотуу – 1 818 308,0 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 545 493,0 миң сом, республикалык бюджеттен – 1 272 815,0 миң сом;
- “Бөбөк” балдар бакчасынын аймагын резина жабуу менен каптоо – 3 946 702,0 миң сом, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 1 184 010,6 миң сом, республикалык бюджеттен – 2 762 692,0 миң сом;
- Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигинин аймагын абаттоо, тосмо орнотуу жана айыл өкмөтүнүн имаратынын фасадын оңдоп-түзөө – 3 889 282,0 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде жергиликтүү бюджеттен – 1 166 784,0 миң сом, республикалык бюджеттен – 2 722 498,0 миң сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунан дем берүүчү гранттарды алууга документтерди даярдасын жана жөнөтсүн, ошондой эле 2022-жылдын бюджетин түзүүдө эске алсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айылдык кеңешинин “Өнөр жай, соода, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, коммуникация, курулуш, архитектура, жер-агрардык маселелер жана курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
4. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |