Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 39-28
2022-жылга карта айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн план-божомолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин негизинде 2022-жылга карта айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн болжолдуу план-божомолун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2022-жылга карта Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн план-божомолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |