Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24 декабры № 40-28
2021-жыл үчүн кирешелер планын ашыра аткаруу жөнүндө
Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу бюджеттик комиссиянын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 2021-жыл үчүн бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн планын ашыра аткаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жыл үчүн планды ашыра аткарууга байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча негизги эсеп боюнча план көбөйтүлсүн:
Киреше салыгы – 1200,0 миң сомго
Баары: 1200,0 миң сомго.
Ушуга ылайык төмөнкү бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгашалар сметасы көбөйтүлсүн:
70629-ТКЧ бөлүмү
221-беренеси – 1200,0 миң сомго
Жалпы баары – 1200,0 миң сомго.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |