Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 41-28
2021-жыл үчүн кирешелер планын ашыра аткаруу жөнүндө
Бюджеттик комиссиянын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин 2021-жыл үчүн бюджеттин кирешелер бөлүгүнүн планын ашыра аткаруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жыл үчүн планды ашыра аткарууга байланыштуу төмөнкү салыктар боюнча негизги эсеп планы көбөйтүлсүн:
Киреше салыгы - 10771,4 миң сомго;
МИнин субъектилери үчүн бирдиктүү салык – 400,0 миң сомго;
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 1750,0 миң сомго;
Мамлекеттик эсебине кирешелер – 140,0 миң сомго;
Мектепке чейинки мекемелердин кошумча кызматтары үчүн төлөм – 323,5 миң сомго;
Классификацияланбаган билим берүү жана маданий кызматтар үчүн төлөм – 627,3 миң сомго.
Жалпы баары: 14012,2 миң сом.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |