Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 24-декабры № 44-28
“Аламүдүн Автотранс” МИнин кайрылуусу боюнча
“Аламүдүн Автотранс” МИнин директорунун милдетин аткаруучунун катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Окуучулар үчүн бирдиктүү тариф – 5 сом болуп бекитилсин.
2. Аламүдүн айыл аймагынын мугалимдеринин, дарыгерлеринин, бала бакчалардын тарбиячыларынын жол кире акысына 50% жеңилдик берилет.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |