Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-январы № 45-28
Башчынын отчёту
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча” 2021-жыл үчүн аткарылган иштери жөнүндө отчётун угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын “Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча” 2021-жыл үчүн аткарылган иштери жөнүндө отчёту тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |
“Аламүдүн айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча 2021-жыл үчүн аткарылган иштер жөнүндө” Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин
2021-жыл үчүн отчёту
Айыл өкмөтүнүн бюджети тууралуу
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджети 2021-жыл үчүн 106 899,7 миң сомду түздү:
Анын ичинен негизги киреше – 100 007,8 миң сомду түздү.
Атайын эсеп - 6 607,0 миң сом;
Киреше салыгы – 66 355,7 миң сом;
Жеке жактардын транспорт каражаттарынан салык - 4 400,0 миң сом;
Короо-жай участокрунун жер салыгы - 383,1 миң сом;
Жер ижарасы - 750,1 миң сом;
Ыктыярдуу патент- 15 447,9 миң сом;
Айыл-чарба эмес багытындагы жер салыгы - 3204,7 миң сом.
Демографиялык маалымат
2021-жылдын 1-январына карата айыл аймагынын калкы 13 705 кишини түздү, үй чарбасынын саны – 4553
Айылдык кеңештин депутаттарынын саны – 21,
Муниципалдык кызматкерлер – 20,
Аймактагы чарбакер субъектилердин саны – 120,
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун, сугарылуучу, кайрак жана жайыт жерлер – жок.
Жол салуу жана оңдоп-түзөө боюнча
- Суу мунарасын сатып алдык, көлөмү 100 тоннаны түзөт, жалпы суммасы 3 600,0 млн.сом.
- Садовое айылынын, ГЭС-3, “Зеленый клин” калктуу конуштарынын жолдоруна жана Гидростроитель көчөсүнө шагыл төгүп, грейдерлөө боюнча суммасы 700,0 миң сомдук иштер жүргүзүлдү.
- жергиликтүү бюджеттен көчөнү жарыктандыруунун капиталдык оңдоп-түзөө иштерине 1 579,0 млн.сом бөлүнгөн.
- калкты тейлөө үчүн лизингге алынган транспорт каражаттарынын төлөмү, жалпы суммасы 13 776,0 млн.сомду түзөт.
- канализациялык тармак боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлдү:
1. № 1 АЖББМ жана китепкана жалпы суммасы 1 900,0 млн.сомду түздү.
2. ГЭС-2 калктуу конушунан Алма-Ата көчөсү боюнча Гоголь көчөсүнө чейин жалпы суммасы 400,0 миң сомду түздү.
3. Заречная көчөсү жалпы суммасы 700,0 миң сомду түздү.
Социалдык объектилердин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча
а) Мектептер
- № 1 жана № 2 АЖОББМ жана китепкана үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүлөр сатылып алынды:
1. “Хандикрафт” ЖЧКдан интерактивдүү панель жана окуу программасы, суммасы 1 182,1 млн.сом.
2. Ноутбук жана сканер жабдуулары, суммасы 1 258,6 млн.сом.
3. № 1 жана № 2 АЖОББМга окуу куралдары, суммасы 1 436,5 млн.сом.
4. Китепкана үчүн көркөм адабияттар, суммасы 424,0 миң сом.
- № 1 АЖОББМнын стадиону үчүн кумблоктордон жана темир тордон тосмо орнотулду, суммасы 555,1 миң сом.
Чүй облусунун фондунан № 1 АЖОББМнын спорттук аянтчаларын жиктелбеген түстүү резина жабуу менен жабдууга 5 497,6 млн.сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүндү.
- Заречная көчөсү боюнча балдар аянтчасы орнотулду, суммасы 85,0 тыс.сом.
Калкты социалдык жактан коргоо
Жергиликтүү бюджеттин каражатынан арыздар боюнча, Балдарды коргоо күнүнө, майыптар күнүнө карата, өтө муктаждарга туруктуу материалдык жардам көрсөтүлүп келет, ар бирине 5,0 миң сомго чейин бөлүнөт, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилет, отчёттук мезгил үчүн 4,0 млн.сомдун тегерегинде бөлүндү.
Аламүдүн айылынын бейтапканасы үчүн COVID-19га каршы вакциналарды сактоо үчүн жалпы суммасы 182,9 миң сомго муздаткычтар сатылып алынды.
Өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан
турак үйлөрдү камсыздандыруу боюнча
Өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан турак жайды камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери дайыма жүргүзүлүп келет, 2021-жылы 700 үй камсыздандырылды.
Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына катара айыл аймагына баннер илинип, маалымат такталары таризделди, ошондой эле alamudun.kg сайты иштеп жатат.