Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-январы № 52-28
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жооптуу катчы Ю.Т.Джумалиеванын эл жана турак жай фондун каттоого жана чарбалык китептерди даярдоого акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Эл жана турак жай фондун каттоого жана чарбалык китептерди даярдоого акча каражатын бөлүнсүн.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |