Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 13-январы № 53-28
Аламүдүн айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн көзөмөлчүлүк кеңешин тандоо жана түзүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” мыйзамына ылайык, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин көрсөтүп жаткан кызматтарынын сапатын, ишинин ачыктыгын, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айыл аймагынын жалпы билим берүү мекемелери үчүн көзөмөлчүлүк кеңешин тандоо жана түзүү боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |