Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 14
Халмион айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушу жөнүндө
Халмион айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп талкуулап чыгып, Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы ар бир айылдагы аренда жерлерди жана мөөнөттөрү бүткөн аренда жерлерди мыйзамда белгиленген тартипте эске алуу менен бирге, түз келишим менен берүү токтотулсун. Мындан ары аукцион негизинде берилсин жана аренда төлөмдөрүн убагында төлөбөгөн арендаторлорго белгиленген тартипте чара көрүлсүн.
2. “Кыргызстан” үрөөнчүлүк чарбасынын жерин жалпы Халмион аймагы боюнча
аянтын өлчөп чыгылсын. Ишмердүүлүгүн карап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адисттери менен биргеликте Халмион айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. “Баяман баатыр” базарын, муниципалдык базардын жана жеке мал базарларын айланысындагы жерлерди тактоо иштерин жүргүзүү менен бирге баштапкы (генеральный) пландын негизинде базардын айланма жолун жана жеке базарды аралап муниципалдык базардын жолуна чыккан автомобилдер жүрүүчү жолдорду аныктап чыгып, ишке киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелер боюнча адистерине тапшырылсын.Ушул маселенин аткарылуусун көзөмөлдөө айыл өкмөтү жетекчилигине милдеттендирилсин.
4. Айдаркен перевалындагы үлүш жерлердин чек арасын тийиштүү адистер тарабынан 2022-жылдын жазгы талаа иштери башталганча бүткөрүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
5. Өзбекстанга чыгып кеткен өзбек жарандарынан калган турак үйлөрү жана жерлери жөнүндө маалыматы тактап чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн турак жай боюнча комиссия курамына милдеттендирилсин.
6. Халмион айылындагы эски базардын жери келечектеги социалдык обьектилерди куруу максатында калтырылсын.
7. Жарандардын суроо талаптарына негиз трансформация болуп турак жайга карата жер берүү үчүн айылдарда аксакалдардан комиссия курамы түзүлүп, белгиленген тартипте каралуусу турак жай боюнча жер комиссия курамына тапшырылсын. Айыл өкмөтү жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынсын.
8. Халмион айылынын Ынтамак жолун чыгыш тарабындагы шагал карьерин 2021-жылга карата иш жүргүзүүсү келишимге негиз жүргүзүлсүн. Иштин жүрүшү жана аянты такталып чыгып, 2022-жылга карата келишими кайра каралсын.
9. “Баяман баатыр” базарын жетекчилиги тарабынан 5 га жер сурап жазган арызы ачык бойдон калтырылып, 5 га жер берүү мүмкүнчүлүгү жок экендиги билдирилсин.
10. Ушул маселелердин аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз милдетиме калтырамын.
Төрага |
З. Кожонов |