Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи
чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 15
Халмион айылдык кеңешине келген арыздар жөнүндө
Халмион айылдык кеңешине келген арыздар жөнүндө Халмион айылдык кеңешинин бюджет, инвестиция, экономика, ишкердик иштери жана коомдук уюмдар боюнча жана айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларын сунуштарын угуп, талкуулап чыгып, Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айылдык кеңешине келген арыздардын аткарылышы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз милдетиме калтырамын.
Төрага |
З. Кожонов |
БЕКИТИЛДИ;
Халмион айылдык кеңешинин жетинчи
чакырылышынын сегизинчи сессиясы
17-сентябрь 2021-жыл. №13 токтомуна №1 тиркеме
Халмион айылдык кеңешине келген арыздар жөнүндө.
№ | № | Убагы | Кимден, дареги. | Арыздын мазмуну. | Сессиянын чечими |
1 | 01-27/ Т-20 | 12.08. 2021-ж | Халмион айылы А. Тажибаев. | Токтогул мектебинин алдында “Экерүү комплексин” куруу үчүн 0,10 га жерге уруксат берүүнү сураган. | 0,02га жерге “Эскерүү комплексин” курууга уруксат берилсин. |
2 | 01-27/ КЛ-21 | 12.08. 2021-ж | Ноогардан айылынын тургундарынан | Ноогардан айылынын А. Кадыров көчөсүнүн 1,2,3 үйлөрүнө электр энергиясын тартып келүү үчүн 6 столба алып берүүнү суранган. Электр зымын жана прожекторду өздөрү алуусу билдирилген. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
3 | 01-27/ КЛ-22 | 23.08. 2021-ж | Халмион айылы А. Изатуллаевге | Шагал карьерин ижара акысын төлөмүн түшүрүп берүүнү суранган. | Халмион айылынын Ынтамак жолун чыгыш тарабындагы шагал карьерин 2021-жылга карата иш жүргүзүүсү келишимге негиз жүргүзүлсүн. Иштин жүрүшү жана аянты такталып чыгып 2022-жылга карата келишими кайра каралсын. |
4 | 01-27/ КЛ-23 | 25.08. 2021-ж | Р. Шерматов көчөсүнүн тургун. | Р. Шерматовдун экичи көчөсүнө 10 прожектор берүүнү суранышкан. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын.
|
5 | 01-27/ КЛ-24 | 27.08.202021-ж | Ноогардан айылынын тургундарынан | Ноогардан айылынын 2020-жылы 10 даана столба айыл өкмөтүнөн берилген, 25 даана столба эл тарабынан алынгандыгын айтып 2 км лик чубалгы жана 17 даана столба алып берүүнү суранышкан.
| Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
6 | 01-27/ И-25 | 09.09. 2021-ж | Кадамжай “Кыргыз почта ” дир: Т. Илязова | Почтанын каанасын ремонт жасап берүүнү суранышкан. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
7 | 01-27/ Э-26 | 14.09. 2021-ж | Таш-Дөбө айылы деп. Ж.Эркаевден | Кирпич заводун куруу үчүн 5 га жер сураган. | Кирпич зоводун куруу үчүн уруксат берилсин. Белгиленген тартипте айыл өкмөтү тарабынан кароо жагы милдеттендирилсин. |
8 | 01-27/ Б-27 | 15.09. 2021-ж | Гүлдүрөмө айылы М.Балтабаевден | Муниципалдык мал базарын иштетүү жөнүндө. | Мумкүнчүлүккө карап каралуусу билдирилсин. |
9 | 01-27/ КЛ-28 | 16.09. 2021-ж | Халмион таксистери атынан | Кадамжай Халмион катоо маршурутту таксиситер стоянкасын ээлеп алып аларга жай болбой жолдо иретсиздик болуп жаткандыгын айтып жер көрсөтүп берүүнү суранган | Халмион айыл өкмөтүнүн жетекчилиги менен биргеликте маселе кароо жагы билдирисин. |
10 | 01-27/ К-29 | 16.09. 2021-ж | Халмион айыл өкмөтүнүн орун бас. Т. Кудайкулов | Ат майданы үчүн 5 га жерди арендага берүү жөнүндө | Иш кагздары бүткөн сөң маселе каралуусу билдирилсин. |
11 | 01-27/ М-30 | 17.09. 2021-ж | Вет инспектору Ы Мурзаев | Ветеренардык клиника куруу үчүн 0,20 га жер сураган. Мурдагы депутаттар уруксат бергендигин билдирди. | Ветеринардык клиника курууга уруксат берилсин. Иш кагаздары бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин. |
12 | 01-27/ КЛ-31 | 17.09. 2021-ж
| Халмион Мирзахомидов көчөсүн тургундары. | Электр энергиясын тартуу үчүн столба 12 даана, зым 3800 метр, трауз 12 даана бардыгы болуп 227 000 сом акча жардам берүүнү суранган. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
13 | 01-27/ КЛ-32 | 17.09. 2021-ж | Жошук айылынын тургундары | 12 даана столба сурашкан. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
14 | 01-27/ КЛ-33 | 17.09. 2021-ж | Халмион айылы тургундары | О. Орозбеков көчөсүнөн кесип өткөн сел каана көпүрөөсүн асты толуп калгандыгын айтып тазалап берүүнү суранышкан. | Айыл өкмөту тарабынан мүмкүнчүлүккө карап, белгиленген тартипте кароо жагы тапшырылсын. |
Жооптуу катчы: Ө. Сарыбекова.