Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи
чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2021-жылдын 1-октябры № 16
Халмион айыл аймагында ат оюндарын өткөрүүчү ат майданын уюштурууга уруксат берүү жөнүндө
Халмион айыл аймагында улуттук спорттук оюндарды өнүктүрүү жана колдоо көрсөтүү максатында Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айылынын түштүк тарабында жайгашкан 5 га жер аянтына ат майданын уюштурууга карата иш чараларды карап чыгуу жагы Халмион айыл өкмөтү алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышы мыйзамда белгиленген тартипке ылайык иш алып баруу жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
З. Кожонов |