Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи
чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2021-жылдын 1-октябры № 17
Халмион айыл аймагында айыл чарбасына арналбаган жер аянттарына эсептелинген салык өлчөмдөрүн коэффиценттерин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин мыйзамында берилген талаптарга ылайык Халмион айыл аймагында айыл чарбасына арналбаган жер аянттарына эсептелинген салык өлчөмдөрүн коэффиценттерин белгилөө максатында Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айыл аймагында айыл чарбасына арналбаган жер аянттарына салык өлчөмдөрүн чегерүүдө Кз-зоналдык коэффицентти Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 339-беренесинин 1,4, 6- пункттарына негиз кабыл алынсын.
2. Халмион айыл аймагында айыл чарбасына арналбаган жер аянттарын аракет пайдалануудагы жер аянттарын Кз-зоналдык коэффицентти 1,2 өлчөмдө белгиленсин.
3. Халмион айыл аймагынын айыл чарбасына арналбаган жер аянттарынын аракет эмес пайдаланылбай жаткан жер аянттарын Кз-зоналдык коэффицентти 0,3 өлчөмүндө белгиленсин.
4. Турак-жай (тамарка) участкаларынын жер салыгы Кз-зоналдык коэфицентти өлчөмүндө бекитилсин.
5. Халмион айыл аймагында кожолуктардан алынуучу таштандылар боюнча (өз ара салыгы) ар бир кожолуктан 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Комерциялык ишканаларда таштандылар боюнча киши башына ар бирине 100(жүз) сом өлчөмүндө төлөнсүн жана таштандылар боюнча салык төлөму жылдын 1-апрель күнүнө чейин төлөө жагы бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
З. Кожонов |