Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Халмион айыл аймагынын айылдык кеңешинин жетинчи
чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2021-жылдын 1-октябры № 18
Халмион айыл аймагындагы Көк-Тал айылында турак жайга
берилүүчү жерлердин аянтын өлчөмдөрүн белгилеп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6-май 2005-жылдагы №177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна негиз Халмион айыл аймагынын Көк-Тал айылынын калктуу конуштарынан жеке менчикке турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүдө, жарандардын турак жайга карата муктаждыгын жана түшкөн арыздардын санын көптүгүн эске алуу менен , күн тартибиндеги маселени карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Халмион айыл аймагында Көк-Тал айылынын калктуу конуштарынан 2,5 га жерден жеке менчикке турак-үй куруу үчүн берилүүчү жер аянтын өлчөмдөрүн аянты 0,10 га дан бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
З. Кожонов |