Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-февралы № 55-28
“Сантех-Сервис-Аламүдүн” КМИнин тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Сантех-Сервис-Аламүдүн” КМИнин директорунун маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренелерине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. 2021-жылдын 24-декабрындагы № 42 токтом менен бекитилген 2022-жылга карата “Сантех-Сервис-Аламүдүн” КМИ тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифине өзгөртүүлөр жана толуктоолор тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |