Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-февралы № 58-28
Айыл өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн түзүмүнө төмөнкүдөй өзгөртүү киргизүүгө уруксат берилсин:
- чарба боюнча жетекчи адис – чарба боюнча адиске;
- мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис – мамлекеттик сатып алуулар боюнча жетекчи адиске.
2. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы 2022-жылдын 1-мартынан тартып түзүмгө өзгөртүү жүргүзсүн.
3. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |