Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17-февралы № 59-28
Жер участогун бөлүү жөнүндө
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин катын карап чыгып жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренесине ылайык Аламүдүн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Аламүдүн айылы Гоголь көчөсү, № 143а дареги боюнча жайгашкан аянты 0,2457га жер участогун төмөнкүдөй 2 өз алдынча участокко бөлүүгө уруксат берилсин:
- аянты 420,0 м2 жер участогу муниципалдык гараж жана кеңсе имараты үчүн;
- аянты 2037,0 м2 жер суу топтомо курулмасы үчүн.
2. Ушул токтом Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Юстиция башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А. Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Филимоненко |