Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2020-жылдын 25-декабры № 34/2
Какыр айылынын 7-көчөсүнө Хидиров Гаппардын атын ыйгаруу жөнүндө
Какыр айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 сандуу “КР Өкмөтүнүн алдындагы админстрациялык-аймактык түзүлүштүн маанилерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволар аралык комиссия жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык А.Масалиев айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Какыр айылынын 7-көчөсү Малаев Атабектин үйүнөн баштап Сарымсаков Абдырахмандын үйүнө чейинки көчө Хидиров Гаппардын аты менен аталсын.
2. Какыр айылындагы Хидиров Гаппардын аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Хидиров Гаппардын жакындарына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
С. Абдурахмонов |