Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрелиндеги № 218
2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74 жана 88-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аткарууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча программанын (мындан ары - Программа) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри Программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жеке жоопкерчилик министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |