ЫССЫК-КӨЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVIII-чакырылышынын 1-кезектеги сесиясы
2021-жылдын 18-майы №1/1
“Айылдык Кенеште кабыл алынган токтомдор кыргыз тилинде жарыялоо тууралуу”
Ысык-Көл айылдык кенешинин күн тартибинде каралган ар кандай маселелер боюнча угуп жана талкуулап, Ысык-Көл айылдык Кеӊешинин 28- чакырылышынын 1- кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Ысык-Көл айыл ѳкмѳтүндѳ дээрлик кѳпчүлүк калк кыргыз улутунун жарандары болгондугуна байланыштуу кабыл алынган токтомдор мамлекеттик(кыргыз) тилде гана жарыялансын;
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ысык-Көл айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысына милдеттендирилсин;
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргиз чн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин укук коргоо жана административдик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ыссык-Көл райондук кеңешинин төрагасы |
К.Ч. Саяков |