Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-февралы №6/2
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджет жана каражаттар эсебинин 2021-жылдын аягына 2022-жылдын башына бош калган акча каражаттары жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджет жана каражаттар эсебинин 2021-жылдын аягына 2022-жылдын башына бош калган акча каражаттары жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы М.Исраилованын маалыматтын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын « Бюджеттик кодексинин » 109-беренесине ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин бош калган акча каражаты 1005297 сом 10 тыйын 2021-жылдын аягына 2022-жылдын башына бош калган акча каражат атайын каражат боюнча акча каражаты 119640 сом акча каражаты бош калганы белгиленсин. . 2.Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджеттин аткарууда бюджеттин эсебине түшкөн 2022-жылдын башында бош калган 1005297сом 10 тыйын, атайын каражат эсеби боюнча 119640 сом акча каражаттары айыл өкмөттүн ички чыгымдарын жабуу учун кѳрсѳтүлгѳн беренелерге бѳлүнүп берилсин:
Мамлекеттик кызмат:
70111 бѳлүмдүн 22111100 беренесине 60000 сом
70111 бөлүмдүн 22121200 беренесине 26000 сом
70111 бөлүмдүн 22311100 беренесине (суу) 10000 сом
70111 бөлүмдүн 22154900 беренесине 672297 сом 10т
70111 бөлүмдүн 3111 беренесине (ѳздүк салым) 207000сом
Бала-бакчаларга :
70911 бөлүмдүн 2215 бернесине 30000 сом
Жалпысы бюджет боюнча 1005297 сом 10 тыйын
Атайын каражаттар эсеби боюнча:
Бала-бакчанын :
70911 бөлүмдүн 2218 бернесине 119640 сом
атайын каражаттар эсебиндеги бош калган каражаттар , кѳрсѳтүлгѳн беренелерге бөлүнүп берилсин.
Талаа-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Жакыпбаев |