Загрузка документа…
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-августу № 34/1
“Нариман айыл аймагында заманбап айыл чарбалык индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн 8,0 га жер аянтын трансформациялоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жыл “Региондорду өңүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында заманбап айыл чарбалык индустриалдык логистикалык борбор куруу боюнча Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 сандуу айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндөгү мыйзамынын 1-чи статьясынын 6-чы пунктунда көрсөтүлгөн жобого ылайык Нариман айылдык Кеңешинин (алтынчы шайланган) жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 12-августундагы жана Нариман айылдык Кеңешинин кезексиз XXXIV-чи сессиясынын 2020-жылдын 13-августундагы протоколдорунун негизинде Нариман айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2020-жыл “Региондорду өңүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарынын ңегизинде Нариман айылдык аймагынын Тажик-Абад айылынын № 232 контурундагы 8,0 га сугат айдоо жер аянтын заманбап индустриалдык логистикалык борбор куруу үчүн “айыл чарба жерлери” категориясынан өңөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Хосиловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нариман айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Нариман айылдык кеңешинин төрагасы |
Р. Нурматов |