Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 26-майы № 31
2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы жана 2024-2025-жылдарга болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
Бишкек шаарынын мэриясы:
«Бишкек Live» жана «Трафик KG» мобилдик тиркемелерин иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
муниципалдык менчиктин ачык электрондук базасын жана Бишкек шаарынын инвестициялык картасын түзсүн;
муниципалдык кызматкерлердин эмгегин баалоо үчүн так индикаторлорду иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2024-жылга чейин турак жай конуштарынын статусунан толугу менен баш тартуу жана аларды шаардын кичи райондорунун катарына киргизүү маселесин карасын;
калктын социалдык аярлуу катмарын түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн эң керектүү тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу үчүн “Муниципалдык павильондор” долбоорун иштеп чыксын;
жаңы кичи район курулса, аны “Манас Сити” деп атоо тууралуу маселени карасын;
шаардын мектептеринин ар бир окуучусуна окуу мезгилинде белгилүү 30 музейдин ар бирине барууга мүмкүнчүлүк берүүчү программаны иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан жаңы суу соргуч горизонтторду өздөштүрүү тууралуу маселени изилдеп иштеп чыксын;
жеке адамдардын коомдук транспортту лизингге алуусу боюнча программаны иштеп чыксын;
окуучуларга бекер жүрүүнү же мектеп автобустары менен камсыздоо маселесин карасын;
шаардын борбордук бөлүгүн маршруттук таксилерден бошотуу жана аларды жаңы автобустар менен камсыз кылуу, 2 айланма жолду тууралуу түзүү маселени карасын;
«Кумайык» программасын иштеп чыксын жана ишке ашырсын;
2023-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун даярдоодо бүтө элек курулуш объектилерине артыкчылык берсин;
шаар боюнча 1250 видео байкоо камераларын орнотууну камсыздасын;
50 км тротуар жана 25 км веложолчолорду курууну камсыздасын;
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген тартипте жол жумуштары башталган же акча каражаттары бөлүнгөн көчөлөрүндө жол тилкесин реконструкциялоо жана асфальт төшөө боюнча ишти аяктасын;
Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналын гидроизоляция жүргүзүү маселесин карасын;
2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолун ишке ашырууну камсыздасын;
2023-жылдын жыйынтыктары боюнча Программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Бишкек шаардык кеңешине берсин.
Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин төрагасына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
К.Конгантиев |
Бишкек шаардык кеңешинин
2022-жылдын “26”майы
№31 токтомуна тиркеме
2023-жылга карата Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын жана 2024-2025-жылдарга болжолу
Программаны Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык иштеп чыгуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 20-январындагы №10-б буйругу менен Бишкек шаарынын экономика жана финансы маселелери боюнча вице-мэринин жетекчилиги астында жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун курамына мэриянын борбордук аппаратынын, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген.
Программа Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021 –жылдын 28-июнундагы № 47 «Кыргыз Республикасын 2022 – 2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө» токтомуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы № 63-А жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этника аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 биргелешкен буйругу менен бекитилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн шаарлардын жана айыл аймактарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу боюнча Усулдук колдонмонун (мындан ары – Усул) негизги жоболорун эске алуу менен иштелип чыкты.
Программаны иштеп чыгууда Усулдун жергиликтүү коомчулуктун муктаждыктарын аныктоо, программанын түзүмү, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу бөлүктөрүнүн сунуштары эске алынды.
Усулга ылайык, Программа төмөнкү принциптерге негизделди:
адамга багытталуу – бул принцип Программанын инфратүзүмдүк маселелеринен башка бардык максаттары, милдеттери жана чаралары адам жашоосунун сапатын жана бакубатчылыгын жакшыртууга багытталган;
калктын аярлуу катмарына таасир берүүгө багытталуу принциби – социалдык колдоо чараларынын милдеттүү түрдө болушун жана жарандардын аярлуу катмарын коргоону билдирет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨАБ) органдарынын иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык келиши – бул принцип программанын максаттары, милдеттери жана чаралары ЖӨАБ органдарынын иш-милдеттерине жана ыйгарым укуктарына ылайык келиши керек экендигин түшүндүрөт;
ачыктык жана айкындуулук – Программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруунун бардык баскычтарында ага кызыкдар тараптардын жетүүсү камсыздалат.
§ Тышкы чөйрөнү талдоо.
2020-жыл СOVID-19 коронавирустук инфекциясы пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк каатчылык менен мүнөздөлгөндүгүн белгилеп кетүүгө болот. Ушуга байланыштуу тышкы соода иш-аракет процесси бузулуп, ички соодада жана ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда чектөөлөр киргизилди. Натыйжада өлкөнүн экономикасы аталган жылы терс динамиканы көрсөттү. Экономикадагы кырдаалдын начарлашына карабастан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан калкка медициналык жана социалдык жардам көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чаралар кабыл алынды, ошондой эле экономикалык иш-аракетти чектөө боюнча чаралар киргизилди.
Бишкек шаарынын өлкөнүн улуттук экономикасына кошкон олуттуу салымын эске алганда, пандемиянын шаардын социалдык-экономикалык абалына терс таасир тийгизгендигин белгилей кетүү зарыл. Тактап айтканда, шаардын экономикасында төмөндөөлөр байкалды, кирешелер олуттуу кыскарды жана жергиликтүү бюджеттин чыгашасы өстү, ошондой эле социалдык-маанилүү товарларга болгон баа өстү.
§ Миграция процесстерин талдоо.
Калктын ички (областтар аралык) миграциясы калктын областтар аралык агымынын Чүй областына жана Бишкек шаарына багытталган тенденциясы менен мүнөздөлгөн. Бишкек мурдагыдай эле өлкө масштабындагы калк тартылган борбор бойдон калууда. Жалпы оң миграциялык өсүүдө анын үлүшү 64,4% түзөт.
Жарандардын туруктуу жашаган жерлерин өзгөртүүсүнүн негизги себеби жумуш издөө болуп саналат. Ушуга байланыштуу, областтар аралык агымда калктын ишке жарамдуу курактагы бөлүгү активдүү катышат, алардын көпчүлүгү борбордун четинде жашашат жана шаарда расмий каттоосу жок. Бул алардын медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусун чектейт. Шаардын калкынын өсүшү борбордун инфра түзүмүнө күч келтирет жана Бишкек шаарынын калкынын ыңгайлуу жашоосун камсыздоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн факт билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык колдоо көрсөтүү тармагында бюджеттен кошумча каржылоо муктаждыгын жана калктын жашоо-тиричилиги үчүн кошумча шарттарды түзүүнү шарттайт.
§ Ички чөйрөнү талдоо.
2022-жылдын январь айына карата баалоо маалыматтары боюнча Бишкек шаарында 1 097,1 миң адам жашай тургандыгын белгилөө зарыл. Шаардын экономикалык активдүү калкынын саны 45% жакыны түзөт.
Бишкек шаарынын экономикасы ички дүң продукттун (ИДП) көлөмүнүн 40% жакынын жана өлкөнүн иш менен камсыз болуусунун 20% түзөт. 2020-жылы Бишкек шаарынын регионалдык дүң продуктунун (РДП) көлөмү 231,8 млрд сомду түздү жана 8,5% азайды, 2021-жылы 267,6 млрд сом жана 3,1% көбөйдү. 2020-жылы РДП калктын жан башына 221,9 миң сомго жакын жана 2021-жылы 249,0 миң сомду түзгөн, ага ылайык, өлкө боюнча жогорку орточо эмгек акыны 22,7 миң сом деңгээлинде камсыз кылган, жашоо минимуму - 6,3 миң сом ( 2021-жылы эмгек акы - 25,8 мин сом, жашоо минимуму - 6,3 миң сом).
1-таблица. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр[1] | ||||||
Көрсөткүчтүн аталышы | Бирдик | 2020-ж. (иш жүзүндө) | 2021-ж. (болжол-дуу) | 2022-ж. (күтүү) | Болжол | |
2023-ж. | 2024-ж. | |||||
РДП | миң сом | 231 842 | 267 638 | 267 913 | 287 020 | 300 146 |
РДПнын анык өсүү темпи | % | 90,9 | 103,8 | 104,0 | 104,4 | 104,4 |
ИДПдан РДПнын үлүшү | % | 39,3 | 37,0 | 37,5 | 37,1 | 35,7 |
РДП калктын жан башына | миң сом | 212 | 218 | |||
Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү | млн сом | 36 169,8 | 37 659,3 | 41 385,0 | 44 118,2 | 48 086,0 |
Өнөр жай продукциясынын накталай көлөм индекси | % | 95 | 100,5 | 106,9 | 102,9 | 104,3 |
Кызмат көрсөтүү тармагынын дүң чыгарылышы | млн сом | 224 891,0 | 246 359,8 | 266 608,5 | 288 480,8 | 308 934,9 |
Курулуштун дүң продукциясы | млн сом | 62 388,4 | 66 063,8 | 69 867,7 | 74 376,5 | 79 637,6 |
Керектөө бааларынын индекси ( мурунку жылга карата % ) | % | 106,9 | 112 |
|
|
|
Негизги капиталга инвестициялар | млн сом | 49 679,3 | 55 244,9 | 57 205,6 | 58 607,8 | 64 051,4 |
¹ Бишкек шаарынын РДПсы кошумча нарк ыкмасын колдонуунун негизинде Бишкек шаарынын мэриясынын экономика жана инвестициялар башкармалыгы тарабынан өздүк баа берүү менен эсептелет. | ||||||
2021-жылы шаардын ишканалары тарабынан 45 849,6 млн сом суммадагы өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, накталай көлөм индекси 31,9% көбөйгөн (2020-жылы - 36 169,8 млн сом, накталай көлөм индекси 5% азайган). Республиканын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүндөгү шаардын салыштырма салмагы 12,8% түздү.
Өнөр жай тармагында 2021-жылдын башынан тартып накталай көлөм индексинин өсүшү байкалган. Анын өнөр жай секторунда орто мөөнөттүү мезгилге карата көбөйүшү 106,0% деңгээлинде күтүлүүдө.
2021-жылы шаар боюнча рыноктук кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 45 7385,3 млн сомду түздү жана 12,6% көбөйдү (2020-жылы – 349641,5 млн сом, 85,2%), анын ичинен дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди, мотоциклдерди оңдоонун үлүшү 75,4%.
Өлкөнүн экономикасындагы кырдаалдын акырындык менен жакшыруусу Бишкек шаарынын кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө керектөө динамикасын калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизет. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө орточо өсүү темпинин орто мөөнөттүү мезгилде 4,0% деңгээлинде болжолдонууда.
2021-жылы Бишкек шаарында инвестициялар чөйрөсүндө 45 122,5 млн сом негизги капитал өздөштүрүлгөн, ал 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 9,9% аз. 2022-жылы бул көрсөткүч 57 205,6 млн сом деңгээлинде күтүлүүдө. Болжолдуу баалоо боюнча экономиканын өсүшү негизги капиталга инвестициялоонун көлөмүн жыл сайын орточо 5,0% жогорулатуу менен коштолот.
Ошону менен бирге, эле жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен капиталдык салымдардын түшүүсү пландалып жатат, бул биринчи кезекте курулушу башталып калган социалдык объекттерди бүткөрүүгө багытталат.
2021-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 60 036,6 млн сомду түздү, 2020-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 6,7% азайган; 2022-жылы 104,7% өсүү темпи менен 69 867,7 млн сом деңгээлинде күтүлүүдө. Инвестициялардын жана иштиктүү активдүүлүктүн өсүшү курулуш көлөмүн жыл сайын орточо 5,2% жогорулатууну шарттайт.
COVID-19дун кесепети адамдарга, саламаттык сактоо тутумуна жана шаарды социалдык камсыздоого түздөн-түз таасиринен тышкары, ошондой эле Бишкек шаарынын ички бааларына да таасирин тийгизди. Ошентип, инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө баалардын индекси (КБИ) 2020-жылга карата 106,9%, 2021-жылы – 111,8% түздү.
Баалардын өсүшүнүн негизги факторлору болуп дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы баалардын өсүшү, АКШ долларынын улуттук валютага карата бир аз бекемделиши, ички рыноктун товарлардын импортунан көз карандылыгы жана энерго ресурстарына болгон баалардын жогорулоосунун дүйнөлүк тенденция менен байланышкан күйүүчү-майлоочу материалдарга баалардын олуттуу өсүүсү эсептелет.
§ Жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүн талдоо.
Жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүн талдоо максатында, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан 2021-жылы жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары колдонулду. Талдоо шаардыктардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлдү. Жалпы 14 104 кайрылуу иштелип чыккан, алар артыкчылыктуулугу боюнча тутумдаштырылды жана классификацияланды, бул көтөрүлгөн маселелердин жыштыгын эске алуу менен негизги чөйрөлөрдү түзүүгө шарт түздү.
2-таблица. Жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча табылган артыкчылыктуу тармактар
Артыкчылык | Кайрылуулардын саны | Камтылган маселелердин тармактары |
1 | 3673 | Социалдык (саламаттык сактоо, социалдык коргоо, билим берүү, маданият жана спорт) |
2 | 2787 | Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр |
3 | 1490 | Жер (участокторду бөлүп берүү, кыймылсыз мүлктү мыйзамдаштыруу жана мүлктү ижаралоо) |
4 | 1059 | Капиталдык курулуш (жолдорду оңдоо, курулуш жана конуштардын маселелери) |
5 | 904 | Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо |
6 | 702 | Коомдук тамактануу объекттеринин иши, керектөөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, объекттерди демонтаждоо, соода маселелери |
7 | 477 | Кадр, юридикалык жана финансылык маселелер |
8 | 322 | Турак жай (анын ичинде, МИК) |
9 | 293 | Ченемдик укуктук актылардагы өзгөртүүлөр |
10 | 72 | Транспорттук |
11 | 21 | Дем берүүчү грант, административдик комиссия |
12 | 2304 | Башка маселелер |
Шаардык бюджеттин 2020 жана 2021-жылдардагы чыгашаларынын түзүмү шаар калкынын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөлөрүнө ылайык келе тургандыгын белгилөөгө болот (1-диаграмма).
1-диаграмма. Шаардык бюджеттин 2020 жана 2021-жылдардагы чыгашаларынын түзүмү.
§ Өнүгүү үчүн жергиликтүү ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү талдоо.
2023-2025-жылдарга карата фискалдык саясаттын артыкчылыктары.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматы боюнча 2023-2025-жылдарда салык саясатынын башкы милдеттери төмөнкүлөр болот: салык төлөөчүлөргө өз милдеттенмелерин эң аз убакыт жана эмгек чыгымдары менен аткаруусуна, ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына натыйжалуу администрлөөгө шарт түзгөн салык мыйзамдарын жакшыртуу; экономиканын өнүгүү темпин колдоо, Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн башкаруунун, ошондой эле салыктардын социалдык жана жөнгө салуучу функцияларынын сапатын жакшыртуу боюнча жумуштарды улантуу.
Мындан тышкары, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого, ата мекендик продукцияларды чет элдик рынокко чыгаруу үчүн натыйжалуу куралдарды түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган, өлкөнүн салык мыйзамынын жаңы редакциясы менен белгиленген башкы принциптерди мамлекеттик башкаруунун күнүмдүк практикасын мүмкүн болушунча максималдуу ишке ашыруу салык саясатынын негизги милдети болуп саналат.
Жакшыртуу Кыргыз Республикасынын ата мекендик жана ак ниет салык төлөөчүлөрүн жана жарандарын коргоого багытталган республиканын аймагына жаңы маалыматтык технологияларды жана санариптик салык жол-жоболорун киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Калктын салык салынуучу кирешелерин контролдоону колдонуу менен жалпы декларациялоо принциптерине өтүү каралып жатат.
Товарларга байкоо жүргүзүү жана айлантуу тутуму үчүн улуттук компонентти түзүү, ошондой эле дүйнөлүк аренада «Салык салуу» көрсөткүчү боюнча Кыргыз Республикасынын рейтингин жогорулатуу иштерин жүргүзүү пландалып жатат. Кыргыз Республикасынын экономикасынын формалдуу эмес секторун мыйзамдаштырууга дем берүү, аброю таза ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргоо, ошондой эле товар продукцияларынын фискалдык максаттарда жарыяланган мүнөздөмөлөрүнө шайкештигин салыктык текшерүү жана эсепке алуу тутумун түзүү болжолдонуп жатат.
Бюджеттин кирешелерин көбөйтүү жана байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшүн азайтуу максатында электрондук эсеп-фактураларды, электрондук товардык-транспорттук коштомолорду, ККМ-онлайн жана товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркировкалоо, салык төлөөчүлөрдү колдоо тутумун, кассалык чекте көрсөтүлгөн сумманын жарымын кайтарып берүү тутумун толук масштабдуу киргизүү жолу аркылуу салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлөт.
Салык саясатынын жогоруда көрсөтүлгөн багыттарын эске алып, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.
§ Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү.
Бишкек шаары анын салык төлөөчүлөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын негизги капиталын мобилизациялоодон тышкары, мамлекеттик бюджетти да толтурат, мында борбор шаардын жергиликтүү бюджети колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жалпы мамлекеттик кирешелерден белгиленген чегерүү ченемдеринин эсебинен түзүлөт.
Борбор шаардын аймагында мамлекеттик бюджеттин бардык кирешелеринин 59,3% жакыны жетиштүү көлөмү топтолот. Мында анын 12,4% гана жергиликтүү бюджеттин тескөөсүндө калат.
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн түзүмү салыктык жана салыктык эмес киреше булактарынан, ошондой эле максаттуу трансферттерден, атайын каражаттардан, активдерден жана милдеттенмелерден турат.
2-диаграмма. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүмү
2-диаграммадан көрүнгөндөй, Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн негизги үлүшүн кирешенин салыктык булагы - 87,5%; салыктык эмес булактары - 9,3%, кирешенин башка булактары– 3,2% түзөт.
§ Бишкек шаарынын салык салынуучу базасы.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2022-жылдын 1-январына карата Бишкек шаарынын аймагында 129 000 чарба жүргүзүүчү субъект катталган, анын ичинен, жеке ишкерлер - 49 000, юридикалык жак түзүлбөгөн дыйкан чарбалары - 830 бирдик, юридикалык жактар – 79,2 миң бирдик. Юридикалык жактардын жалпы санынан бардыгы 15,4 миң же 19,5% иштейт, жаңы түзүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин саны 1,7 миң бирдик, же 2,1%, калганы - 62,1 миң иштебеген ишканаларга кирет (жоюлуу баскычында же активдүүлүк белгиси жоктор) алар - 78,4% түзөт.
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүнүн белгиленген ченемдеринин эсебинен түзүлөт.
3-таблица. Бишкек шаарынын бюджетине жалпы мамлекеттик кирешелерден бөлүү пайызы
Жалпы мамлекеттик кирешелер | Салыкты бөлүүнүн үлүшү |
Салык агенттери тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы | 100% |
Патенттин негизиндеги салык | 100% |
Бирдиктүү салык | 100% |
Жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерден тышкары (алтын, мунай, газ) | 50% |
Жер казынасын колдонууга укук берүү үчүн жыйым | 7% |
Жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүү жана күтүүгө чегерүүлөр | 20% |
Жергиликтүү салыктар |
|
Жер салыгы | 100% |
Мүлккө салык | 100% |
4-таблица. 2020-2021 –жылдардагы жыйынтыгы боюнча салыктын түрлөрүнөн түшүүлөр
№ | Салыктын түрлөрү | Иш жүзүндө түшүүлөр (млн сом) | |
2020-ж. | 2021-ж. | ||
1 | Салык агенттери тарабынан төлөнүүчү жеке киреше салыгы | 4055,1 | 5961,2 |
2 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 1042,7 | 1450,3 |
3 | Бирдиктүү салык | 186,9 | 285,4 |
4 | Сатуулардын салыгы | 484,8 | 0 |
5 | Жер казынасын пайдалануу салыгы (роялти), стратегиялык пайдалуу кендерден тышкары (алтын, мунай, газ) | 22,6 | 23,2 |
6 | Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана айлантуу боюнча иш жүргүзүү боюнча жыйым | 8,4 | 13,8 |
7 | Жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүү жана күтүүгө чегерүүлөр | 5,8 | 2,2 |
8 | Жер салыгы | 191,0 | 215,4 |
9 | Мүлккө салык | 790,5 | 901,5 |
Жалпысынан алганда, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаары боюнча кирешенин иш жүзүндөгү түшүүсү 8458,0 млн сомду түздү, же план 89,2% аткарылды, 2021-жылы Бишкек шаары боюнча кирешенин иш жүзүндөгү түшүүсү 10 771,4 млн сомду түздү, же план 98% аткарылды.
3-диаграмма. 2020-2021-жылдардын жыйынтыгы боюнча шаардык бюджеттин кирешелери
§ Бишкек шаарынын активдери.
Бишкек шаарынын мэриясы карамагында 22 муниципалдык аймактык башкармалык (МАБ) камтылган 4 администрациялык райондун муниципалдык администрациясын жетектейт. Шаар мэриясына караштуу 14 түзүмдүк бөлүм жана 10 муниципалдык ишкана иштейт, алар шаардын ишин жана жашоосун камсыздайт.
Негизги активдери болуп муниципалдык мүлк жана жер ресурстары саналат.
2021-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарынын мэриясынын Муницпалдык мүлктү башкаруу департаментинин (мындан ары - ММБД) маалыматына ылайык, муниципалдык мүлктүн негизги каражатынын реестрине 27 168,6 млн сом сумма кириштелген.
ММБДнын ижарачыларынын реестринде иштеп жаткан 1957 жер участокторун ижаралоочулар катталган, жеңилдетилген типтеги объекттер боюнча аянты 5,9971 га. - 2442 объект (өтмө мөөнөттөгү келишимдери менен).
5-таблица . Ижара төлөмүнөн түшүүлөр
Төлөм түрлөрү | 2020-жыл (млн сом) | 2021-жыл (млн сом) | Өсүү темпи (%) |
Жер ресурстарын ижаралоо | 468,0 | 585,2 | 125 |
Муниципалдык мүлктү ижаралоо | 84,2 | 147,4 | 175 |
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексине жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын уставдарына ылайык, жергиликтүү бюджетке кирешеде 50% өлчөмдө чегерүү каралган.
6-таблица. Муниципалдык ишканалардан чегерүүлөр
№ | Муниципалдык ишканалардын аталыштары | Жергиликтүү бюджетке түшүүлөр (сом) |
2020-жылга | ||
1 | «Бишкекбашкыархитектура» МИси | 3 537 873,0 |
2 | «Жол-сыноо лабораториясы» МИси | 1 269 187,0 |
Жалпы | 4 807 060,0 | |
2021-жылга | ||
1 | «Бишкекбашкыархитектура» МИси | 1 865 518,0 |
2 | «Жол-сыноо лабораториясы» МИси | 274 723,0 |
3 | «Шаардык сейил бактар» МИси | 251 553,0 |
Жалпы | 2 391 794,0 | |
Дивиденддер.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясы «Аман-Банк» РК ААКсында ар бири 1000 сомдук номиналдагы 311 даана сандагы жөнөкөй типтеги акциясына ээлик кылат.
Акыркы үч жылда бул акциялар боюнча дивиденддер жергиликтүү бюджетке түшкөн эмес.
§ Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү.
Жогоруда белгиленгендей, COVID-19 пандемиясынын жайылышы шаардыктардын социалдык абалына гана эмес, шаардын иш жигердүүлүгүнө да олуттуу таасирин тийгизди. Бардык негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча стагнация (экономикалык өсүштүн токтоп калышы) байкалды, өндүрүштүн төмөндөшү, расмий эмес жумушсуздуктун көбөйүшү, калктын жашоо деңгээлинин жана калктын социалдык аярлуу катмарын коргоо деңгээлинин төмөндөшү менен коштолду. Жогоруда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдүн таасири шаардын социалдык-экономикалык абалынын начарлашына олуттуу түрдө чагырылды. Ошондой эле, турукташтыруу үчүн башкы каржылоо булагы болуп жергиликтүү бюджеттин кирешеси саналат. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин бекемдөө жана андан ары өстүрүү келечектеги чакырыктарга ыкчам жана толук масштабдуу даяр болууга шарт түзөт.
Салык кызматтарынын жана статистика кызматынын маалыматтарын салыштырууда салык төлөөчүлөрдүн бирдиктеринин сандык көрсөткүчтөрүндө олуттуу айырмачылыктар аныкталды. Мындан тышкары, райондор боюнча чогултулган салыктардын деңгээлинде алар боюнча чарба жүргүзүүчү субьекттердин санында олуттуу дисбаланстар бар.
Бул факторлор бюджеттик тартипти бекемдөө, салык төлөмдөрүн администрлөө боюнча катуу чараларды көрүү зарылчылыгын шарттайт.
Активдерди башкаруу боюнча муниципалитеттин иш-аракети, мүлктү берүү же ижарага берүү процессин катуу регламенттөө сыяктуу эле, бул иштерди санарип форматка өткөрүүнү да талап кылган натыйжасы аз болуп саналат. Муниципалитеттин бул чөйрөдөгү негизги милдети мүлктү башкаруу жол-жобосунда операциялык деңгээлге чейин муниципалитеттин ролун төмөндөтүү жана тандоонун айкындуулук, катышуу жана чечим кабыл алуу жаатында көп мүмкүнчүлүктү бизнес үчүн берүү болот. Аны ишке ашыруу процессти санарипке өткөрүү жана башкаруудан түшкөн каражаттарды активдердин рынок баасы менен салыштырып текшерүүгө негизделген баалоо моделдерин киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Аталган багыттын жыйынтыгы, биринчиден, бюджеттин киреше бөлүгүн кеңейтет жана чыгашаны оптималдаштырат, экинчиден, муниципалитет шаардын иш активдүүлүгүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.
§ Жергиликтүү бюждеттин чыгашаларын оптималдаштыруу.
Муниципалитеттин чыгашалар бөлүгүнүн бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун натыйжалуулугу маселесине өзүнчө көңүл бурулат. Муниципалитетти башкаруу тутуму азыркы реалдуу чындыкка шайкеш келиши жана коомдун бардык талаптарына жооп бериши керек, ага ылайык, жалпы максатка жетүү үчүн муниципалитеттин чыгашалары салым менен тыгыз байланыштуу болушу зарыл.
Жеке сектордун ийкемдүүлүгүн жана чоӊ натыйжалуулугун эске алып, азыркы чыгашалардын натыйжалуулугун жана коомдун потенциалдуу пайдасын баалоонун негизинде муниципалитет тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жумуштардын бөлүгүн аутсорсингге өткөрүү саясаты ишке ашырылат.
§ Жергиликтүү бюждеттин чыгаша бөлүгү.
Бишкек шаары боюнча жалпы 2021-жылда чыгашаларды аткаруу 10 545,4 млн сомду, же 99,9% түздү. Шаардык бюджеттин чыгашаларынын негизги үлүшү билим берүүгө (38%) жана турак жай-коммуналдык чарба (ТЖКЧ) кызмат көрсөтүүлөрүнө багытталат (29,5%).
4-диаграмма. 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышын салыштырма талдоо
§ Муниципалдык карыз.
Бишкек шаарынын мэриясынын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында жалпы карызы 2022-жылдын 1-январына карата 1 350 037,5 миң сомду (негизги сумма - 1 313 581,4 миң сом, пайызы - 36 456,2 миң сом) түздү, мөөнөтү өтүп кеткен карызы жок.
§ Өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талдоо.
Бишкек шаарын өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолдуу маанилерине негизделген. Ошентип, Бишкек шаарынын РДПсынын жыл сайын өсүү темпи орто мөөнөттүү мезгилде 4% деңгээлинде болжолдонот, бул РДПнын көлөмүн 2023-жылга 287 020 млн сомго чейин көбөйтүүгө шарт түзөт.
Экономиканын орто мөөнөттүү мезгилде өсүү болжолун жана экономиканын негизги тармактарынын өсүү темпинин көбөйүшүн эске алуу менен 2023-жылга Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 12,0 млрд. сомго чейин өсүшү күтүлөт. Бюджеттик саясаттын негизги максаты орто мөөнөттүү мезгилге, мурунку жылдар сыяктуу эле жергиликтүү коомчулуктун керектөөсүн эске алуу менен актуалдуу милдеттерди чечүү болуп калат.
Жергиликтүү бюждеттин киреше бөлүгүнүн түзүмүндө салык булактарынан түшкөн кирешелерге басым коюу каралып жатат. Алардын үлүшү 11%дан - 19%га чейин көбөйүшү күтүлүүдө.
Салык кирешелери боюнча болжол Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтарына жана Бишкек шаарынын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизги параметрлерине ылайык жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары финансы-чарбалык иштеринин жылдык жыйынтыгы боюнча таза кирешеден шаардык бюджетке чегерүү жүргүзүшөт. Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн күтүлүүчү кирешелери да бюджеттин долбооруна киргизилди. Салыктык эмес түшүүлөрдүн негизги үлүшүн муниципалдык менчикте турган жерлерди, жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана техникаларды жана башка мүлктү ижаралоо үчүн жыйымдар түзөт.
7-таблица. Жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин болжолу (млн сом)
Аталышы | Болжол | ||
2023-ж. | 2024-ж. | 2025-ж. | |
Бардык киреше | 13 094,5 | 13 158,1 | 13 202,8 |
Салыктык кирешелер | 11 298,9 | 11 362,6 | 11 407,2 |
Салыктык эмес кирешелер | 1 740,6 | 1 740,6 | 1 740,6 |
Расмий трансферттер | 55,0 | 55,0 | 55,0 |
Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин, муниципалдык ишканалардын жеке каражаттарын, бюджеттен тышкары булактарды (өнөктөштөрдүн каражаттары, эл аралык гранттар жана кредиттер) эске алып, Бишкек шаарынын мэриясынын чыгашалар жайындагы бюджеттик саясаты жергиликтүү коомчулуктун белгилүү керектөөлөрүнүн алкагында артыкчылыктуу милдеттерди чечүүгө багытталган.
2-глава. Программанын жалпы максаты.
Программа Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылга бюджеттик саясатынын негизги багыттарын жана артыкчылыктарын аныктайт жана 2024-2025-жылдарга багыттана болуп саналат.
Программа шаар тургундарынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарын натыйжалуу пайдалануу жана максаттуу багыттоо боюнча орто мөөнөттүү мезгилге иш-чаралардын комплексин, анын ичинде Бишкек шаарын экономикалык, инвестициялык жана инфратүзүмдүк өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды камтыйт.
3-глава. Бюджеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары.
Администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан жүргүзүлгөн ички жана тышкы чөйрөгө, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун керектөөлөрүнө карата жүргүзүлгөн талдоону эске алып, сапаттуу жана жеткиликтүү социалдык кызматтарды алуу, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү, Бишкек шаарынын аймагында жүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, шаардын көчөлөрүндөгү коопсуздук, жарыктандыруу жана санитардык тазалоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү шаар тургундарынын актуалдуу маселелеринен болуп саналат.
2023-жылга карата муктаждыктардын артыкчылыктуу багыттары төмөнкү бюджеттик программаларга топтолгон киргизилген:
1. Социалдык өнүктүрүү.
2. Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүү чөйрөсү.
3. Айлана-чөйрөнү коргоо жана көрктөндүрүү.
4. Архитектуралык-шаар курууну өнүктүрүү.
5. Жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү.
6. Коопсуздук жана укук тартиби.
7. Экономикалык маселелер.
Багыттардын ар бири чечүүнү талап кылган маселелердин актуалдуулугун эске алуу менен түзүлгөн чакан программалардан турат.
Ошону менен бирге Программа жалпысынан жалпы багыттуулугу бар жана ээ болгон жана мамлекеттик кызмат жана аны башкаруу чөйрөсүндөгү маселелерди чечүүгө багытталган программаларды камтыйт.
§ Социалдык өнүктүрүү.
1) Билим берүүнү колдоо.
Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн негизги үлүшү жылдык көлөмү дээрлик 40% түзгөн билим берүү чөйрөсүн колдоого багытталат. Бишкек шаары ошондой эле «Жаш мугалимдин депозити» муниципалдык программасын ишке ашыруунун алкагында (жергиликтүү бюджет каражаттарынын эсебинен үстөк акылар), 97 жалпы билим берүү, 90 мектепке чейинки билим берүү, 6 мектептен тышкаркы билим берүү, 14 атайын билим берүү уюмун жана 38 түзөтүү классын, 10 музыкалык мектепти, 5 балдардын чыгармачылык борбору, кароосуз калган балдар үчүн 2 балдар үйүн, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгын, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүн күтүү; билим берүү мекемелерин капиталдык оңдоо жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү боюнча чыгымдарды тартат.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
билим берүү мекемелеринин жетишсиз саны;
материалдык-техникалык базанын начардыгы (анын ичинде окуу жана усулдук адабияттын жетишсиздиги).
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) билим берүү объекттерин куруу;
б) билим берүү мекемелеринде оңдоо иштерин жүргүзүү;
в) материалдык-техникалык базаны жакшыртуу;
г) билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине дем берүү;
д) билим берүү тутумун колдоо жана санариптик трансформациялоо.
2) Социалдык колдоо.
Жыл сайын социалдык өнүктүрүү тутумун колдоо максатында шаардын бюджеттин жалпы чыгымдарды 4%га жакыны каралат.
Шаардын эсебинен 5 социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн социалдык-стационардык мекемеси, “Ардагер” шаардык геронтологиялык борбору, Шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борбору, Зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам көрсөтүү борбору, «Коломто», муниципалдык мекемелери, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу «Социалдык жатакана», «Аялзат» балдары бар үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүү борбору; Ленин, Октябрь, Свердлов райондорунда туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн чыгашалар жана даректүү социалдык жардамдын 22 түрү боюнча чыгашалар каржыланат.Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
материалдык-техникалык базанын начардыгы;
социалдык мекемелердин кызматкерлерин мамлекеттик колдоонун деңгээлинин төмөндүгү.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) социалдык мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо;
б) социалдык мекемелердин кызматкерлерине дем берүү.
3) Саламаттык сактоо тутумун колдоо.
Бишкек шаарынын саламаттык сактоо тутумунун бюджети чыгаша бөлүгүнүн 3%га жакынын түзөт. Шаардын 3 саламаттык сактоо уюму жергиликтүү бюджеттен, 26 уюм жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
медициналык кадрлар менен жетишсиз камсыздалышы;
саламаттык сактоо уюмдарынын жетишсиз материалдык-техникалык базасы;
саламаттык сактоо уюмдарына санариптик технологияларды мындан ары киргизүү;
Бишкек шаарынын медициналык тез жардам борборунун автоматташтырылган башкаруу тутумун модернизациялоо (МТЖБ АБТ).
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) саламаттык сактоо объекттерин куруу жана капиталдык оңдоо;
б) саламаттык сактоо тутумунун кызматкерлерин финансылык колдоо;
в) материалдык-техникалык базаны жакшыртуу;
г) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларды ишке ашыруу.
4) Эс алуу, маданият жана спорт.
Жыл сайын эс алуу, маданият жана спорт чөйрөсүнө жергиликтүү бюджеттин жалпы чыгашаларынан 5%га жакыны каралат. Бул каражаттар маданият мекемелерин, анын ичинде өз демилгеси менен иштөөчү чыгармачыл жамааттарын, музыкалык мектептерди, искусство мектептерин, Бишкек шаарындагы китепканалар тармагын, спорт мектептерин жана секцияларын күтүүгө багытталат.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
имараттардын жана курулмалардын начар абалы;
адистерге дем берүүнүн жетишсиздиги;
материалдык-техникалык базанын начардыгы (анын ичинде окуу жана усулдук адабияттардын, музыкалык жабдуулардын, эмеректердин жана транспорттун жетишсиздиги);
техникалык талаптарга жооп берген искусство мектептеринин жоктугу;
уюшулбаган жаштардын жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон адамдардын социалдык жана коомдук турмушка аз тартылышы.
Төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) маданият жана спорт объекттерин куруу жана капиталдык оңдоо;
б) материалдык-техникалык базаны жакшыртуу;
в) калкты маданий-массалык иш-чараларга жана спорт менен машыгууга тартуу.
§ Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүү чөйрөсү.
1) Ичүүчү суу менен камсыз кылуу.
Шаардык муниципалитет калкка берилүүчү бардык тийиштүү ченемдерге туура келген ичүүчү суунун сапатына олуттуу көңүл бурат. Бишкек шаарында ичүүчү суунун орточо керектелүүсү жылына 80 млн чарчы кубду түзөт. Борбор шаарды суу менен камсыздоонун негизги булагы болуп ичүүчү суунун 40%дан ашыгын берүүчү Орто-Алыш суу тосмосу саналат. Ал эми 12 суу тосмодо, ал эми көп кабаттуу турак үйлөрдү суу менен камсыздоо үчүн 295 насостук станция иштейтурган II көтөргүчтүү насостук станциялар бар. Ичүүчү суу ар түрдүү диаметрдеги, 1533,3 км узундуктагы түтүктөрдүн тутуму аркылуу ташылат. Саркынды сууларды тазалоонун суткасына 380 миң чарчы куб өндүрүмдүүлүгү менен, саркынды суулар толук биологиялык тазалоочу курулмаларда тазалоодон өткөрүлөт, шаардык канализация тармактарынын узундугу 762,0 км түзөт.
Калктын табигый өсүүсүнө, калктуу конуштарын жана шаардын четки аймактарын өздөштүрүүнүн эсебинен шаардын чектеринин кеңейүүсүнө, өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүнө, социалдык жана маданий объекттердин көбөйүүсүнө байланыштуу, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо чөйрөсүндө төмөнкү актуалдуу маселелерге көңүл буруу зарыл:
суу тосмолорду реконструкциялоо;
Бишкек шаарынын тазалоочу курулмаларын реконструкциялоо жана модернизациялоо;
ичүүчү сууну жекече эсепке алуу приборлорун орнотуу жана ичүүчү суунун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептөө жүргүзүү.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) канализациялык жана суу түтүк тармактарын реконструкциялоо;
б) канализация тармагын куруу.
2) Жылуулук жабдуу.
Бишкек шаарында жылытуунун борборлоштурулган тутумуна кошулган 2708 көп кабаттуу турак үй бар, анын ичинен 2082 үй (77%) жылуулук энергиясын «Бишкекжылуулуктармагы» ААКсы аркылуу Бишкек шаарынын ЖЭБинен, 622 үй (23%) «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын отканаларынан жана 4 үй «Бишкек ЭЭЗнин» ведомстволук отканасынан алат.
«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын техникалык тейлөөсүндө 66 откана жана 147,2 км узундуктагы жылуулук тармагы бар, «Бишкекжылуулуктармак» ААКсы 473,0 км жылуулук тармакты тейлейт, жана 19 насостук станцияны эксплуатациялайт; мындан тышкары 40 км жакын жылуулук тармагы бюджеттик уюмдардын балансында, ал эми 30 км жакыны ар кандай турак жай уюмдардын менчилигинде жана жеке турак жай секторунда турат.
Жылуулук жабдуу чөйрөсүндө төмөнкүдөй маселелерди белгилөөгө болот :
магистралдык түтүктөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн максималдуу жүктөлүшү;
бир гана ЖЭБ-1 жылуулук булагын пайдалануу жана жылуулук менен камсыздоонун кошумча булактарынын токтотулушу;
жылуулук тармактарынын акыркы участокторундагы басымдын төмөндөшү;
жылуулук тармактарында жана отканаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн тийиштүү техникалык транспорттун жоктугу;
жылуулук тармактарын жана отканаларды модернизациялоону жана реконструкциялоону жетишсиз каржылоо.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) эскирген жылуулук тармактарын капиталдык оңдоо жана алмаштыруу;
б) магистралдык инженердик тармактарды куруу;
в) билим берүү мекемелеринде газ отканаларын куруу;
г) отканаларды реконструкциялоону жүргүзүү.
3) Электр жабдуу.
Борбор шаарды электр энергиясы менен жабдууну камсыздоо менен “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын курамына кирген жана турак үйлөрдү электр энергиясы менен жабдуу боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн жооптуу болгон “Түндүк электр” ААКы алектенет.
Бишкек шаарын электр энергиясы менен жабдуу 35 кВ жалпы белгиленген кубаттуулугундагы 410 МВА трансформаторунан жана 10/6/0,4 кВ чыңалуусундагы 3802 трансформатордук көмөк чордонунан турган 17 көмөк чордону аркылуу жүзөгө ашырылат. «Түндүк электр» ААКнын техникалык тейлөөсүнө 3781 км түзгөн электр бөлүштүрүүчү тармагы кирет.
Электр энергетика чөйрөсүндө энергия ресурстарына болгон суроо-талаптын өсүү темпи аларды сунуштоого караганда жогору экендиги байкалууда, ушуга байланыштуу камсыз кылуу жагынан төмөнкү актуалдуу маселелер болуп саналат:
жоготуулардын ашыкча болуусу (босогонун 10,0%ы);
кыш мезгилинде электр тармактарынын жана көмөк чордондордун ашыкча жүктөлүшү, өзгөчө жаңы курулган аймактарда;
кубаттуулук резервинин жоктугу.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) аба электр өткөрүү чубалгыларын реконструкциялоо;
б) трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу;
в) күч трансформаторлорун алмаштыруу.
4) Лифт чарбасы.
Бишкек шаарынын мэриясынын карамагында «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасы тарабынан тейленген 994 муниципалдык лифт бар. Муниципалдык ишкананын техникалык тейлөөсүндөгү жана эксплуатациялоону уюштуруудагы муниципалдык лифттерден тышкары, ар кандай менчикте турган 278 бирдик муниципалдык эмес лифт бар.
Бүгүнкү күндө лифт чарбасынын көйгөйлөрүнө төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
ченемдик эксплуатациялоо мөөнөтү бүткөн муниципалдык лифттердин чоң көлөмү;
муниципалдык лифттерди жыл сайын модернизациялоо үүчүн (алмаштыруу) каржылоонун жетишсиздиги;
ишкананын өндүрүштүк базасынын жоктугу;
лифттерди тейлөөгө карата тарифтердин төмөндүгү.
Ал эми негизги маселе болуп муниципалдык лифттерди модернизациялоо саналат.
§ Айлана-чөйрөнү коргоо жана көрктөндүрүү.
1) Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында бак-дарактардын жалпы аянты 4887 гектарды түзөт, анын ичинен 459 гектары «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан тейленет, анын ичинде: 160 көчө, 60 гүл бакча, 2 бульвар бар. Борбор шаардын жашыл аймактарын камсыздоо үчүн 417,5 км ирригациялык тармак колдонулат.
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары күн сайын 700 короо тазалоочу жана 60-65 бирдик адистештирилген техника алектелген 7 930,7 миң чарчы метр аянтты менен аймакты санитардык тазалоо жүргүзөт.
Адистештирилген техника сатып алуу жолдордун тазалануучу аянтынын жалпы көлөмүнүн 25%ын санитардык тазалоонун механикалаштырылган ыкмасына өткөрүүгө жана тазалоочулардын санын кыскартууга мүмкүндүк берет. Натыйжада, жылына 3,0 млн сомго жакын бюджеттик чыгашаларды оптималдаштыруу менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу пландалууда.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
өндүрүштүк иштерди эсепке алуунун санариптик тутумунун начар өнүгүшү;
короо ичиндеги ирригациялык тармактардын бузулгандыгы;
Бишкек шаарынын конуштарында ирригациялык тармактардын жоктугу;
сугат скважиналарынын жана сугат суу түтүктөрүнүн жоктугу.
Көйгөйлөрдү чечүү үчүн төмөндөгү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) шаар аймагын санитардык тазалоо менен камтууну жогорулатуу;
б) бак-дарактарды сугарууну жакшыртуу.
2) Катуу тиричилик калдыктарын (КТК) утилизациялоо жана сорттоо.
Бишкек шаарында калк арасында массалык оорулардын жайылуу тобокелдиктерин азайтуу максатында, шаарды талаптагыдай санитардык-гигиеналык абалда кармоого, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн аянтчаларды камсыздоого, катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга, ошондой эле утилизациялоого жана шаар аймагын санитардык тазалоого көңүл буруу зарыл.
Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумунун механизмин түзүү максатында, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун алкагында шаардык таштанды жайын жабуу жана рекультивациялоо, ошондой эле жаңы санитардык полигондун жана катуу тиричилик калдыктарын сортоо боюнча заводун куруу пландалган.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
учурдагы таштанды жайынын рекультивациялана турган участогунун кеңейгендигине байланыштуу, компенсацияларды төлөөгө, таштанды жайынын аймагында өзү билип курулган турак эмес конструкцияларды демонтаждоого байланыштуу иштерди кошумча каржылоо талап кылынат;
Аламүдүн райондук администрациясы менен жаңы санитардык полигондун 4,61 га аянты менен жер участогу боюнча маселелерди чечүү.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) “Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу” долбоорунун алкагында шаардык таштанды жайын жабуу жана рекультивациялоо, жаңы санитардык полигонун, катуу тиричилик калдыктарын сорттоочу заводун жана жашыл калдыктарды таптоо боюнча участогун куруу;
б) Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу (катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу, катуу тиричилик калдыктарынын курамынан баалуу бөлүкчөлөрдү ылгап алуу).
§ Архитектуралык-шаар курууну өнүктүрүү.
Шаардын жерлерин сарамжалдуу пайдалануу, борбор шаарды максатка ылайыктуу аймактык-мейкиндик пландаштыруу жана архитектуралык жактан өзгөртүү үчүн архитектуралык-шаар куруу иш-аракеттерин өнүктүрүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 21-ноябрындагы № 805 токтому менен бекитилген 2025-жылга чейинки мезгилге Бишкек шаарынын башкы планы - Бишкек шаарын жакынкы 15-25 жылда өнүктүрүү стратегиясын аныктаган негизги юридикалык шаар куруу документи болуп саналат. Муниципалдык кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттеринин бири болуп саналат.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер төмөндөгүлөр:
1971-жылдан бери бекитилбеген шаардын чектери;
заманбап талаптарга жооп берген шаар куруу документтеринин жоктугу;
жеткиликтүү муниципалдык турак жайдын жетишсиз саны.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) 2050-жылга чейин Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу;
б) Бишкек шаарынын аймагын топографиялык-геодезиялык сүрөтү;
в) Бишкек шаарынын коомдук мейкиндиктерин көрктөндүрүүнүн стандартын иштеп чыгуу;
г) 2030-жылга чейин Бишкек шаарынын мейкиндигин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу;
д) муниципалдык кызматчыларды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу.
§ Жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү.
1) Коомдук транспорт.
Коомдук транспорт техникалык абалы жакшы деңгээлде турган 125 жүргүнчү троллейбус жана 140 автобус менен берилди. Бул коомдук транспорттун жалпы санынан 42%ды гана түзөт. Жүргүнчүлөрдү ташуунун жалпы көлөмүндө муниципалдык транспорттун үлүшү 20% гана түзөт, ал эми 80% жеке ташуучу фирмалардын микроавтобустарына туура келет. Күн сайын линияга орто эсеп менен 1100ге жакын кичи автобус чыгат.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер төмөндөгүлөр:
чоң жана орто сыйымдуулуктагы ыңгайлуу кыймылдуу курамдын тийиштүү санынын жоктугу;
жеке ташуучу фирмалар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын төмөндүгү;
каражаттардын толук түшүүсүн камсыз кылбай турган муниципалдык коомдук транспорттун жол кире акысынын натыйжасыз жана ачык эмес тутуму.
Коомдук транспорттун санын көбөйтүү негизги милдет болуп саналат.
2) Көчө-жол тармагы.
Шаар жолдорунун жалпы узундугу 1375 км түзөт, анын 723,1 км асфальт менен төшөлгөн. Ошондой эле шаар мэриясынын карамагында 14 муниципалдык токтотмо бар.
Жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттарынын шаардык тутуму светофор объекттеринен, жол белгилеринен, жол чийиндеринен жана жөө жүрүүчүлөргө багыт берүүчү тосмолордон турат. Бул техникалык каражаттарды күтүү, эксплуатациялоо жана өнүктүрүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Акыркы жылдары шаарда 29,957 погондук метрди түзгөн веложол курулду.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер:
автомобиль жолдорунун жетишсиз өткөрүү мүмкүнчүлүгү;
асфальт-бетон төшөлгөн жолдордун аз үлүшү;
заманбап көпүрөлөрдүн, жол өтмөктөрүнүн жана транспорттук түйүндөрдүн жетишсиздиги;
жол инфратүзүмүнүн коопсуздук талаптарына, ошондой эле транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн ыңгайлуу жүрүүсүнө ылайык келбегендиги;
көчө-жол тармагын күтүү, оңдоо жана модернизациялоо боюнча аткарылган иштердин жетишсиз сапаты.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) сапаттуу жолдорду куруу;
б) шаар жолдорун капиталдык оңдоо;
в) шаар жолдорун жана тротуарларды күтүүнү жакшыртуу;
г) шаар көчөлөрүнө светофор объекттерин куруу.
§ Коопсуздук жана укук тартиби.
1) “Коопсуз шаар”.
Шаардын айлана-чөйрөсүнүн коопсуздугу “Коопсуз шаар” улуттук долбоорунун алкагында шаардын бардык администрациялык райондорунда жана социалдык маанидеги объекттеринде видео байкоо тутумун, ошондой эле тышкы жарыктандыруу тутумун түзүү аркылуу камсыз кылынат. Жалпы билим берүү мектептеринин 90%дан ашыгы видео байкоо тутуму менен жабдылган.
2) Тышкы жарыктандыруу жана жарандык коргонуу.
Коомдук коопсуздукту камсыздоонун алкагында, мэрия тарабынан борбор шаардын тышкы жарыктандыруу тармагын модернизациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан шаарды тышкы жарыктандыруу тутуму көчөлөрдүн жана жолдордун 74% камтыйт. Ал эми шаар аймагында 41457 жарык диоддуу чырак орнотулган, алар учурдагы жарыктандыруу түйүндөрүнүн жалпы санынын 90%ына жакынын түзөт. Жалпы 620 км узундуктагы аба электр өткөрүү чубалгылары алмаштырылды, 32 конушта жаңы тармактар курулду, тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутуму ишке киргизилүүдө. Жарандык коргонууну уюштуруу жаатында Бишкек шаарынын аймагында 257 коргонуу курулмасы уюштурулган.
Бул чөйрөдөгү актуалдуу маселелер төмөндөгүлөр:
шаар мейкиндиктеринин тышкы жарыктандыруу тармагы менен толук эмес камтылышы жана жарык түйүндөрүн өз убагында тейлөөнүн жүргүзүлбөгөндүгү;
шаар калкын ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоонун талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы.
Маселелерди чечүү үчүн төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу зарыл:
а) жөө жүрүүчү өтмөктөрүн жарыктандыруу;
б) иштеп жаткан аба электр өткөрүү чубалгыларын өзүн алып жүрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөргө алмаштыруу;
в) тышкы жарыктандырууну башкаруунун автоматташтырылган тутумун киргизүү;
г) жарык диоддуу чырактарды орнотуу, анын ичинде Бишкек шаарынын конуштарына орнотуу.
§ Экономикалык маселелер.
Бул багыт Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык транспорт ишканаларын Бишкек шаарынын жарандарынын жеңилдетилген категорияларын ташуу үчүн субсидиялоо, “Мурас-Ордо” конушунда жашаган балдарды “Келечек” мектебине (Аламүдүн районунун Степное айылы) ташууну уюштуруу боюнча иш-чараларды камтыйт.
Ошондой эле, бул чөйрөгө бөлүнгөн каражаттар Бишкек шаарынын жашоо-тиричилигин камсыздоо жана калкка кызмат көрсөтүү негизги иш-аракеттерин жүргүзгөн муниципалдык ишканаларды күтүүгө багыттала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
4 -глава. Инвестициялык долбоорлор.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор шаардын экономикасына инвестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор төмөндөгүлөр:
«Бишкек шаарынын суу жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» (II фаза)» долбоору (2015-2023-жж.). Долбоор Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын инвестициялары аркылуу ишке ашырылууда. Инвестициянын жалпы суммасы 16 млн еврону түзөт, анын ичинен 8 млн евро кредит жана 8 млн евро гранттык каражаттар.
Долбоор боюнча өздөштүрүлбөй калган каражаттардын калдыгы 2022-жылдын 1-апрелине карата 9,5 млн еврону түзөт.
«Бишкек шаарынын катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу» долбоору (2015-2023-жж.). Долбоор Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 22 млн евро суммасындагы инвестициясынын эсебинен каржыланат, анын ичинен 11,0 млн евро кредит жана 11 млн евро гранттык каражаттар.
Долбоор боюнча өздөштүрүлбөй калган каражаттардын калдыгы 2022-жылдын 1-апрелине карата 10,5 млн еврону түзөт.
Пландаштырылган инвестициялык долбоорлор:
Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу «Жашыл шаарлар 2, Терезе 2» алкактык программасынын «Бишкек автобустары» долбоору. Долбоор боюнча жаратылыш газы менен жүрүүчү 250дөн ашык шаар автобусун сатып алуу, автобус паркын оңдоо үчүн 25,0 млн евро суммасындагы жеңилдетилген зайым алуу жана 8,0 млн евро суммасындагы грант алуу пландалууда. Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык жана Кредиттик макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-августундагы №127-т тескемеси менен жактырылган жана тараптар тарабынан 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган;
Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Шаардык транспортту электрлештирүү” долбоору. Долбоордун алкагында 59,55 млн АКШ долларына электр автобустарын сатып алуу пландаштырылууда, анын 25,65 млн АКШ доллары гранттык негизде, ал эми 25,0 млн АКШ доллары кредит түрүндө, 32 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген шартта берилет, ал эми 8,9 млн. АКШ долларын түзгөн каражат Кыргыз Республикасы тарабынан салыктан бошотуу жолу менен берилет. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык жана Кредиттик макулдашуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №343-т тескемеси менен бекитилген;
“Жол кыймылын башкаруунун автоматташтырылган тутуму жол кыймылынын тутумун жакшыртуу, жол кыймылын оптималдаштыруу жана жол инфратүзүмүн жакшыртуу” долбоору. Долбоор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жактырылып, Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен табыштаманы иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлдү. Анын алкагында техникалык жардам катарында 8 млн АКШ долларын бөлүү пландалууда.
5-глава. Программанын бюджети.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек финансы башкармалыгынын болжолдук маалыматтарына ылайык, Бишкек шаарынын 2023-жылга карата бюджетинин долбоорунда 13 094,5 млн сом өлчөмүндөгү жалпы чыгашалар каралган.
8-таблица. Бишкек шаарынын 2023-2025-жылдарга карата бюджетинин долбоору
(чыгаша бөлүгү)
Статьялардын жана чыгаша элементтеринин аталышы |
2023 –жылдын болжолу |
2024-жылдын болжолу |
2025-жылдын болжолу |
бюджет (млн сом) | бюджет (млн сом) | бюджет (млн сом) | |
ЧЫГАШАЛАР БАРДЫГЫ | 13 094,5 | 13 158,2 | 13 202,8 |
| |||
Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат | 877,0 | 873,9 | 873,9 |
Резервдик фонд | 32,0 | 32,0 | 32,0 |
Коргонуу | 14,7 | 14,7 | 14,7 |
Коомдук тартип жана коопсуздук | 33,0 | 33,0 | 33,0 |
Экономикалык маселелер | 1 658,2 | 1 519,9 | 1 519,9 |
анын ичинде: Транспорт | 1 454,5 | 1 316,2 | 1 316,2 |
Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | 4 355,1 | 4 562,5 | 4 562,5 |
анын ичинде: Капиталдык салымдар | 1 783,8 | 1 991,3 | 1 991,3 |
Саламаттык сактоо | 293,8 | 291,5 | 291,5 |
Эс алуу, маданият, спорт жана дин | 566,3 | 566,0 | 566,0 |
Билим берүү | 4 863,6 | 4 864,1 | 4 908,8 |
Социалдык коргоо | 401,0 | 400,6 | 400,6 |
анын ичинде: Даректик социалдык коргоо | 186,4 | 186,4 | 186,4 |
2023-жылга аракеттер планын ишке ашыруу үчүн жалпы 7 612,4 млн сом суммасындагы чыгашалар каралган, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 3 276,0 млн сом, республикалык бюджеттен 1 236,8 млн сом, ишканалардын өздүк каражаттары – 293,0 млн сом жана бюджеттен тышкаркы булактардан (өнөктөштөрдүн каражаттары, эл аралык гранттар жана кредиттер) 2 875,3 млн сом каралган.
Керектөөлөрдүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн суммасы Программага артыкчылыктуу багыт катары киргизилген иш-чараларды аткарууну камтыйт. Бишкек шаарынын мэриясынын бюджетинин утурумдук чыгашалары Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык бекитилет.
§ Бюджеттин баланстуулугу.
Бишкек шаарынын бюджети теңдемделген. Бул теңдемдүүлүк балансталгандык жаңы чыгаша милдеттенмелерин кабыл алууда абалды деталдуу экономикалык талдоо жүргүзүүнүн, бюджеттик чыгашалардын негизсиз өсүшүн чектөөнүн, узак мөөнөттүү келечекте туруктуу киреше булактарын камсыз кылуунун, ошондой эле Бишкек шаарынын салыктык потенциалын жогорулатуунун эсебинен жетишилет.
Программанын бюджетине ылайык, 2023-жылга карата чыгаша бөлүгү бардыгы 13 094,5 млн сомду түзөт, 2024-жылга 13 158,1 млн сом, 2025-жылга 13 202,8 млн сом, ал эми киреше бөлүгү 13 094,5 млн сомду түзөт, ал эми 2024-жылда 13 158,1 млн сом деңгээлинде, 2025-жылга тиешелүүлүгүнө жараша 13 202,8 млн сом болжолдонууда.
§ Мүмкүн болуучу бюджеттик тобокелдиктерди жана жагдайларды баалоо.
Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана пландаштырылган иш-чараларды ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүнүн аткарылышынан түздөн-түз көз каранды, ага ар кандай факторлор таасирин тийгизет. Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджети социалдык багытталган жана социалдык багыттагы иш-чараларды каржылоо артыкчылыктуу болуп эсептелет, бирок ошону менен бирге мүмкүн болгон бюджеттик тобокелдиктер жана жагдайлар бар.
Мамлекеттин салык саясаты жаатында:
2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүмүн өзгөрттү. Ошентип 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү түшүүлөр 189,5 миллион сомду түзгөн милдеттүү патенттин негизиндеги салык алынып салынды;
жылдык жалпы кирешеси 8 млн сомдон ашпаган ишкердик субъекттер салыктарды төлөөдөн (жергиликтүү салыктардан тышкары) бошотулду. Мында белгилей кетүүчү нерсе, Бишкек шаарынын чарба субъекттеринин негизги үлүшүн ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык жана бирдиктүү салык түрүндөгү атайын салык шарттамдарын колдонгон чакан ишкердик субъекттери түзөт.Мамлекеттин электр жана жылуулук энергиясы жаатындагы тарифтик саясаты бөлүгүндө:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген электр жана жылуулук энергиясынын (ысык сууга) тарифтери Бишкек шаарынын аз камсыз болгон тургундарын жылуулук энергиясы жана ысык суу менен камсыз кылуу үчүн ишканаларга бөлүнгөн субсидиялардын өлчөмүнө таасирин тийгизет. Турак жай-коммуналдык ишканалардын эсептешүү эсебине турак жай субсидиялары түрүндө бөлүнгөн каражаттар жергиликтүү жана республикалык бюджеттерден түшкөн каражатка жараша которулат.
Жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын башкаруу бөлүгүндө:
муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер бөлүгүндө - түшүүлөр көп кабаттуу үйлөр үчүн жер участокторун сатып алууну эсептөө ыкмаларын иштеп чыгууга жана кабыл алууга, ошондой эле тийиштүү актыга ылайык эксплуатациялоого киргизилген жер үстүндөгү капиталдык курулуш багытындагы башка түрлөрү үчүн (3-4 кабаттан жогору) жер участокторуна укуктарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө көз каранды
салыктардын жана жыйымдардын толук түшпөй калуусунун натыйжасында байкалбаган экономиканын деңгээли тууралуу айтым Бишкек шаарынын мэриясы өз милдеттерин толук аткара албай калууда.
6-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
Программанын иш-чаралар планынын негизинде жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы (МЖжБ) Программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Көрсөтүлгөн план алардын мөөнөттөрүн, аткаруучуларын, каржылоонун көлөмүн жана булактарын аныктоо менен артыкчылыктуу багыттар боюнча белгиленген максаттарга жетүү жана көйгөйлөрдү чечүү үчүн зарыл болгон конкреттүү чаралардын жана аракеттердин комплексин камтыйт.
МЖжБ планы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: индикатордун аталышы, анын базалык мааниси, мониторинг жүргүзүү ыкмасын жана инструменттерин, маалымат булактарын жана тастыктоочу документтерди, жооптуу аткаруучуларды камтыйт.
№ 1 тиркеме, № 2 тиркеме бул программанын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси И. Б. Аденов
[1] Маалымат булагы: КР МК 2021-жылдын 28-июнундагы № 47 «Кыргыз Республикасын 2022 – 2024-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө» токтому.