Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 18-февралы № 4/1
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Шаркыратма айылынын тургундарынын 17-февраль 2022-жылдагы жалпы жыйынынын “ Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолду кар күрткүсүнөн тазалоо” боюнча токтомун бекитип берүү жөнүндө
Ылай-Талаа айыл аймагындагы Шаркыратма айылынын тургундарынын 17-февраль 2022-жылдагы жалпы жыйынынын “ Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолду кар күрткүсүнөн тазалоо” боюнча токтомун бекитип берүү максатында Ылай - Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай–Талаа айыл аймагындагы Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолду кар күрткүсүнөн тазалоо тууралуу Шаркыратма айылынын тургундарынын 17-февраль 2022-жылдагы жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Ылай-Талаа айыл аймагындагы Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолду кар күрткүсүнөн тазалоо үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Ылай - Талаа айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |