Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 18-февралы № 4/5
Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Ак-Талаа участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагынын Сай айылындагы Ак-Талаа участкасына сугат суу чыгарууга ПСД даярдоо үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетинин эсебинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |