Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 16-марты № 5/2
Ылай-Талаа айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесин жетекчиликке алып Ылай-Талаа айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ылай-Талаа айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы бекитилсин жана аткарууга алынсын.
2. Стратегиялык планда камтылган иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылуу жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |