Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 16-марты № 5/3
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифи боюнча Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча мал баккандар жана механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү тарифи жана жайлоого көчүү, келүү маселеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
-ар бир баш майда жандык үчүн бир айына---120 сом,
-ар бир баш бодо мал үчүн бир айына---500 сом,
-жер айдоо, чөп оруу ар бир сотых аянтка---35 сом,
-жер малалоо, чөп тырмоо ар бир сотых аянтка---15 сом,
-чөп таңгактоо даанасы---20 сом,
-10-майга чейин чоң жайлоого көчүп кетүү,
-1-сентябрдан кийин жайлоодон көчүп келүү.
2. Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, эгинин, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча бекитилген тариф аркылуу кызмат көрсөтүү жагы бадачыларга жана механизаторлорго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Исабаев) тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |