Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын
2022-жылдын 24-марты № 6/1.1
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 20-декабрындагы кабыл алган № 3/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 20.12.2021-жылдагы № 3/3 токтому Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 33-беренесинин 1,2,3-бөлүмүнүн талаптарын бузуу менен кабыл алынгандыгына байланыштуу мыйзам талаптарына шайкеш келтирүү максатында Ылай-Талаа айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 3/3 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ылай-Талаа айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадамбаева |