Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 2
Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну
Ш.Ийманалиевдин кайрылуусу жѳнүндѳ
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын тургуну Ш.Ийманалиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Сасык-Булак айылындагы “Хан-Бүргѳ” спорт комплексинин оңдоп түзѳѳ, суу киргизүү иштерине 364 090 (үч жүз алтымыш тѳрт миң токсон ) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бѳлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Осмонов