Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 3
Бекмолдо айыл аймагындагы “Сүйѳркул уулу Качкынбай” атындагы күрѳш залынын машыктыруучусу Бектемир уулу Жомарттын
кайрылуусу жѳнүндѳ
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл аймагындагы “Сүйѳркул уулу Качкынбай” атындагы күрѳш залынын машыктыруучусу Бектемир уулу Жомарттын жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Бекмолдо айыл аймагындагы “Сүйѳркул уулу Качкынбай” атындагы күрѳш залынын керектүү инвентарларды жана машыктыруучунун кабинетине эмеректерди алуу үчүн 322 860 (үч жүз жыйырма эки миң сегиз жүз алтымыш))сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бѳлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл ѳкмѳтүнүн башчысы С.Бекназаровго милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Осмонов