Загрузка документа…
БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
«Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетин бекитүү жөнундө» Бекмолдо айылдык аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектүү сессиясы
2022-жылдын 18-февралы № 4
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бекмолдо айылдык аймагынын 2022-жылдын бюджетинин киреше бөлүмү боюнча 152 539,2 миң сом өлчөмүндө чыгашалар боюнча 152 539,2 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бекмолдо айылдык аймагынын 2022-жылдагы бюджетинин киреше булагы № 1 тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлѳ тургандыгы аныкталсын.
3. Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдагы чыгаша бѳлүмү боюнча № 2- тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан турары белгиленип бекитилсин.
4. Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылга бюджетинин накталай кассалык акча жүгүртүү каражаттарынын кѳлѳмү № 3-тиркеменин негизинде бекитилсин.
5. Бекмолдо айыл аймагынын 2022-жылдагы бюджетинин чыгаша бѳлүгү тармактар боюнча жалпы бѳлүгү № 4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин негизги принциптери жѳнүндѳгү мыйзамынын 21-беренесине ылайык, бюджетке каралбаган чыгымдарды жабуу үчүн жалпы бюджеттик чыгашалардын 1518,9 мин сом ѳлчѳмүндѳ Бекмолдо айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлүп № 5 тиркеменин негизинде бекитилсин.
7. Резервдик фондду башкаруу Бекмолдо айыл аймагынын башчысы тарабынан жүргүзүлүп белгиленсин.
8. 2022-жылга “Ж.Молдосан” бала бакчасынын атайын каражат счетундагы киреше булагы ата-энелер төлөмдөрүнөн чогулган 648,0 миң сом, чыгаша булактары 648,0 миң сом № 6 тиркемеге ылайык жана 2021-жылдан калган атайын акча каражатынын эсебиндеги 118,3 мин сом акча каражаты , 2022- жылдын атайын каражаттар эсебине балдардын тамак ашына каралсын жана бекитилсин.
9. Бекмолдо айыл аймагынын районго отчет тапшыруучу кызматкерлерине 1 айда алты жолу барып келишине командировкалык чыгым тѳлѳнүп турсун, айыл өкмөтүнүн
катчысына, каржы бѳлүмүнүн башчысына 1 айда сегиз жолу отчетко барып келишине, ошондой эле айылдык кенештин тѳрагасына зарыл болгон учурда командировкалык чыгым каралып турсун.
10. Бекмолдо айыл аймагынын 16 штаттык бирдиги КРнын Өкмѳтнүн,8-июль 2013-жылдагы № 403 токтомунун негизинде Бекмолдо айыл аймагына караштуу маданият бөлүмүнө 2 кызматкер, клуб башчы 1 кызматкер КРнын 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтомунун негизинде бекитилсин, ошондой эле жумуш учурунда автокырсыктан кырсыктаган Н. Кыдыралиевге айына 10 962 сом компенсация толонуп турулсун.
Бекмолдо айыл аймагынын кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөму КРӨ 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 9-ноябрындагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин.
Бекмолдо айыл аймагынын кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу боюнча төлөмү 2016-жылдын 11-апрелиндеги №201 токтомунун жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 19-ноябрындагы №429 токтомунун негизинде бекитилсин.
11. Сасык-Булак айылдарындагы эски бала-бакчага жана Чон-Токой, Кенеш ,Кара-Ой,Сасык-Булак айылдарындагы эски жана жаны салынган объектилер тонолуп кетпеш үчүн кароолчулар, Кенен айылынын айыл башчысына, коменданттар жана тазалоочулар, таштанды чыгарууга жуктөөчулөр, төрт айылды тейлеген электрик, , торт айыл боюнча 2 ветврач , ошондой эле Бекмолдо айылдык аймагына юрист-консултант, кадр иштери боюнча бөлүм башчы,мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис штаттары эмгек келишим-дин негизинде кабыл алынсын жана айылдык кенештин тѳрагасынын эмгек айылыгы № 7 тиркемеге ылайык чыгаша булактарынан турары белгиленип бекитилсин.
12. Бекмолдо айыл аймагынан токтомдун туура жана так аткарылышына кѳзѳмѳлдүктү жүргүзүү айылдык кенештин айыл чарба экономикалык реформалардын жургузуу жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
13. Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген 2023- жылга кирешелер божомолу 169 913,6 сом суммасында, 2024-жылга кирешелер божомолу 179 944 ,0 мин сом суммасында бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде жергиликтуу бюджеттин кирешелер бөлүмүн чындоо максатында төмөндөгүдөй салыктар жана жыйындар киргизилсин жана алардын ставкалары томондогудой олчомдо бекитилсин.
15. Жергиликтуу салыктар:
А) Жеке тараптан алынуучу салыктар сугат жерлерге 309 сом, кайракы жерлерге 54,60 сом, шалбаа жерлерге 11,50 сом жайыт жерлерге ар бир өлчомундө бекитилсин.
Б) Айыл чарба эмес жерлерден алынуучу салык кодексинин 33-статьясына ылайык бекитилсин.
16. Мулк салыгы Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде бекитилсин.
17. Кыймылдуу мулккө салык Кыргыз Республикасынын 197-стаьясынын негизинде салыктын бул турун менчик авто траспортторужана айыл чарба техникалары бар Кыргыз Республикасынын граждандары, чет өлкөлук граждандар жана гражданствосу жок жактар төлөөчуу болуп эсептелет.
Салык чегеруу объектиси жана өлчөму Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 198-статьясынын негизинде жургузулсун.
18. «Жалпы мамлекеттик салыктар» Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетти жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнундө «КР Мыйзамынын негизинде Бекмолдо айылдык аймагынын жергиликтуу бюджетине салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыктын 100 пайыз өлчөмундө тушуусу белгиленсин.
19. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык Кыргыз Республикасынын салык кодексинин негизинде 100 пайыз өлчөмундө тушуусу белгиленсин.
20. Салыктык эмес кирешелер: Муниципалдык менчиктен КБФ жерлеринин ижара акысынын негизинде бекитилсин,жайыт пайдалануучу төлөм КР Бюджеттик кодексинин «Жайыттар жөнүндөгу» мыйзамынын ченемдерине ылайык бекитилсин. Административдик айыптар мыйзамдын негизинде .
22. Айыл аймагынын бюджетине пландан ашыкча тушкон акча каражаттары Айылдык Кенештин токтому чыккандан кийин,токтомдун негизинде акча каражаттарын которуп беруугө уруксат берилсин.
23.КР Бюджет кодексинин 109-беренесине ылайык Бекмолдо айыл аймагынын мекеме-уюмдары жыл ичинде каржылоого, чыгымдарына зарыл болгон учурда ар бир бөлумдөн
экинчи жана статьядан статьяга,чейректен чейрекке жылдыруу жагы Бекмолдо айыл аймагынын финансы-экономика бөлумунун убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Кутмановага жуктөлсун.
24.Токтомдун аткарылышына козомолдук жургузуу жагы Бекмолдо айылдык кенешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына жуктолсун.
Бекмолдо айылдык
кенешинин торагасы: С . Осмонов