Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 11-СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 6-апрели № 4-11-1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынан, мамлекеттик маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун өтүшү жөнүндө.
Кызыл-Жылдыз айыл элинин сунушун жана айылдык кенештин депутаттарынын макулдугун эске алып, Кызыл-Жылдыз айылдык кенеши, токтом кылат:
1. Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын жол өтө турган үлүш ээлеринин,үлүш жерлерин берүүгө макул эместигин эске алып, сунушун угуп Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун Кызыл-Жылдыз айылынын негизги көчөсү И. Модубаев көчөсүнөн өтүүсүн колдогонун эске алып Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу Кызыл-Жылдыз айылынын негизги көчөсү И. Модубаев көчөсүнөн өтүүсүн, Кызыл-Жылдыз айылдык кенеши колдоп бекитет.
2.Бул токтомду жогорку органдарга жеткирүү Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнөн жооптуу катчысы А.Байбагышовага жүктөлсүн.
Төрайым | Г.Калмаматова |