Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 11-СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 6-апрели № 4-11-2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин штаттык бирдигин бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Кыдырмаев Бектурдун штаттык бирдикти бекитип берүүгө макулдук сурап жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши,токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги төмөндөгүдөй болуп бекитилишине макулдук берилсин.
№ | Кызмат орду | Штаттык бирдик |
1 | Айыл өкмөтүнүн башчысы | 1 |
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Бөлүм башчы (финансы-экономика боюнча) | 1 |
4 | Жер, турак жай ,коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | 1 |
5 | Кирешелер боюнча башкы адис | 1 |
6 | Экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис | 1 |
7 | Мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча жетектөөчү адис | 1 |
8 | Социалдык коргоо боюнча адис | 1 |
9 | Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору | 1 |
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү төраганын орун басары Р.Казыбаевге милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.Калмаматова |