Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 15-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 15-январы № 4-15-6
Жоопкерчилиги чектелген «Нур Телекомго » 30 м2 жерди ички жайыттан 2 жыл 11 айга бөлүп берүү жөнүндө»
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Жээнбаевдин сунушун угуп жана талкуулуап Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Депутаттардын көпчүлүк добушу менен «Нур Телекомго » Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын ички жайыттагы «Берүлүү-Булак » участкасынан 30м2 жер 2 жыл 11 айга, башка максатка пайланууга берилсин.
2.Келишим түзөлгөн күндөн баштап жайыт акысын өз убагында төлөп туруу,айланасын таза кармоо, айылда жашаган жарандар менен ынтымакта иш алып баруу,алардын кызыкчылыгы менен эсептешүү «Нур-Телекомго» милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун негизинде чечим жана келишим тъзъъ Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы С.Жээнбаевге жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге тапшырылсын.
Төрага | Н.Бейшенкулов |