Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 15-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 15-январы № 4-15-7
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жорго-Сейит өрөөнүндөгү ички жайыттан туризмди өнүктүрүү максатында жер берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн сунушун карап,талкуулап Кызыл-Жылдыз айылдык кещеши токтом кылат:
1.Айыл тургуну С.Исмаиловдун арызынын негизинде Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жорго-Сейит өрөөнүндөгү ички жайыттан 0,5 га жерди туризмди өнүктүрүү максатында 3(үч) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2.Бир жылдын ичинде ишкана ачылбаса жана башка багытта пайдаланса жер кайра кайтарып алынсын.
3.Жер максаттуу пайдаланылып,өз убагында ижара акысы төлөнүп турса,мөөнөтү узартылсын.
4.Жерди мыйзамдын негизинде,келишим тъзъп беръъ жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы С.Жээнбаеге жүктөлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |