Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 17-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 30-июлу № 4-17-1
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы көчөгө наам берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк участогунун тургундарынын жана депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айылындагы Күчүк участогундагы көчөгө «Оболбеков Асаналы» атындагы көчө деген наам берилсин.
2.Асаналиев Мирбекке ушул көчөдө жайгашкан үйлөргө номер берүү жана тазалыгына көз салуу милдеттендирилсин.
3.Бул аткарылышын контролдоо Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Бейшенкулов |