Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 17-СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 30-июлу № 4-17-2
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар менен иштөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-декабрындагы №715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү жана Жумгал райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы түзүлгөн айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү келишим бекитилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, массалык маалымат каражатына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнүтүлсүн.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |