Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 21-СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 10-апрели № 4-21-2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин кирешелер боюнча башкы адистин ыйгарым укуктарын өкүлдөө келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтъъ өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитъънън тартиби жөнүндө» Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды бекитүүнүн тартиби жөнүндөгү» №145 токтомунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтъъ өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пункттарын жетекчиликке алып айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин кирешелер боюнча башкы адистин ыйгарым укутары боюнча Жумгал райондук салык инспекциясы менен Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2.Бул токтом айыл өкмөтүнън аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, веб сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |