Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 21-СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 10-апрели № 4-21-3
Кызыл-Жылдыз айыл аймагында ички тартипти киргизүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы Жайыт пайдлануучулар бирикмесинин төрагасы С.Жээнбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, айылдык кеңеш токтом кылат:
1.Жайыт акы үчүн бир жылга ар бир кой, эчкиге 15(он беш) сомдон,бодо малга 70 (жетимиш) сомдон төлөнсүн.
2.Кызыл-Жылдыз айылындагы элдин малын баккан малчылар ар бир баш кой, эчкиге жайкысын 30 (отуз) сомдон, кышкысын 35 (отуз беш) сомдон багышсын.
3.Жаздоого 18-апрелден калбай, жайлоого 25-майдан кеч эмес көчүрүлсүн.
4.Жайлоодон ысык отко 25-сентябрдан эрте көчүп келишпесин.
5.Корук башталган учурда айдоого жана көп жылдык чөптөрдүн аянтына кирген малдын ээсине биринчи жолкусу эскертъъ берилсин, экинчи жолу түшкөн бодо малдардын ар бирине 300 (ъч жъз) сомдон, кой эчкилерге бир башына 50(элъъ) сомдон айып салынсын.
6.Эгерде бодо малдарын кароосуз жайлоого айдап, къзъндө ысык отко эрте тъшъръп келген мал ээлерине эки эсе көп айып пул салынсын.
7.Жайыт эсебиндеги башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянттарынын жеринен (малга тоют) жыйноо ъчън 1 чарчы метрге 30 (отуз) сомдон төлөнсън.
8.Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жъргъзълсън, малын санатпай же жашырып кем санаткан жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрълсън.
9.Кызыл-Жылдыз айыл аймагына караштуу жайыт жерлерине таштанды төккөндөргө жана жайыт жерлеринен уруксатсыз таш,топурак, кум алгандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын.
10.Бодо малдарды жазында чабанга кошоордо малдын эмдөөдөн өткөн справкасы кошо берилсин.
11.Кызыл-Жылдыз айылынын жайыт пайдалануучулары жогорудагы эрежени бузса, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» кодексинин 183-беренеси боюнча төртүнчү категориядагы айып пул салынаары эскертилсин.
12.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |