Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 22-СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 17-июлу № 4-22-2
Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы И.Модубаев көчөсүнөн жээгиндеги бактарды кыйуу жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнөн башчысы Б.Кыдырмаевдин жана айыл тургундарынын, И.Модубаев көчөсүндөгү жол жээгиндеги жайгашкан бак-дарактарды кыйуу жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Айылдык кещеш токтом кылат:
1.«Балыкчы-Жалал-Абад Түндүк-түштүк» альтернативдик жол И.Модубаев көчөсүнөн өткөдүгөнө байланыштуу жол жээгиндеги бактарды кыйууга уруксат берилсин.
2.Кара бактарды кыйууда уруксат кагаздары мыйзам чегинде жүргүзүлсүн.
3.Кыйылган кара бактар айылдагы жакыр жашагандарга отун катары берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кызыл-Жылдыз айыл өкмөт башчысы Б.Кыдырмаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Бейшенкулов |