Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын VIII-сессиясы
2021-жылы 14-октябры № 29
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин атайын эсебине ата-энелер тарабынан кошумча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөнүүчү (статья-14232400) жыйымдын кирешесине кошумча 850,0 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгүнө тамак-аш продукцияларын сатып алуу үчүн 2218 беренесине 850,0 миң сом бекитилсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аппарат разделинин атайын эсебине Ноокен районунун айыл өкмөттөрү тарабынан кезектеги жардам катары (статья-14411100)түшкөн 450,0 миң сом айыл өкмөтүнүн кирешеси катары белгиленсин жана атайын эсептин чыгаша бөлүгүнө, жаңы конушка электр чубалгыларын тартуу үчүн 3111курулмаларды куруу беренесине бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Булак айылдык Кенешинин торайымы: |
Д.Калыкова |