Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кенешинин VII-чакырылышынын VIII-сессиясы
2021-жылы 14-октябры № 30
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылына эл аралык маанидеги Баткен аэропортун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 01-22/ 990 катынын негизинде Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 636 каты боюнча Кара-Булак айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум айылына эл аралык маанидеги Баткен аэропортун куруу үчун 900 га жер аянтын бөлүп берүү үчүн тийиштүү мекеменин адистеринин толук маалымат берүүсү талап кылынсын.Тийиштүү мекемелердин адистерин камсыз кылуу жагы Кара-Булак айыл өкмөт башчысы Д.Байзаковго милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кара-Булак айылдык Кенешинин торайымы: |
Д.Калыкова |