Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 13-августа № 7
“Айылдардын инсфрактурасын өнүктүрүү жана жашоочуларга шарт түзүп берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Большевик айылындагы, жаңы курулуп жаткан мектепке баруучу жолду талапка ылайыктуу жасап берүү үчүн стимул грантка долбоор жазуу сунушун талкуулап, карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты К.Маматовдун окуучуларга шарт түзүү үчүн 500 (беш жүз) метр аралыктагы жолду талапка ылайыктуу оңдоп жасоо үчүн стимул грантка “Демилгелүү топ” долбоор жазып, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн атынан сунушталуусуна макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы К.Максутовго жана айылдык кеңештин “Бюджет жана финансылык маселелерди көзөмөлдөө” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Турдали у. К. |