Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 104
“Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2021-жылга пландаштырылган бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылышын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2021-жылга Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 13826,8 миң сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү 2022-жыл үчүн 10331,7 миң сом, 2023-жыл үчүн 10435,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2021-жылга чегерүүлөрдүн чечимдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
i. А). жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн: салык агенттиги тарабынан
ii. төлөнүүчү киреше салыгы-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100 пайыз
iii. өлчөмүндө;
Б). сатуулардан түшкөн салык- айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 25пайыз өлчөмүндө;
В). Ыктыярдуу патент негизиндеги салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык-айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 100пайыз өлчөмүндө;
Г). Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык(роялти), стратегиялык пайдалуу кендери (алтын, мунай зат, газ) кошпогондо-кендерди иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын бюджетине 50пайыз өлчөмүндө;
Д). Жер казынасын пайдаланууга укук берүү үчүн жыйым-айыл аймагынын бюджетине 7 пайыз өлчөмүндө;
Е). Жергиликтүү маанидеги инфра түзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү кендери иштеп чыгуу жери боюнча айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине 20пайыз өлчөмүндө;
4. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпасын.
5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргоадары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү 2019-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен 2021-2023-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү тиешелүү жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын 1пайызынан ашык эмес өлчөмүндө бекитилсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге(эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, даары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), комуналдык кызматтар(электр энергия, көмүр, суу) жумшалсын. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 138,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовой наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2022-жылдын 1-январына карата 30,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
9. Ак-Жар айыл аймагы, табигый кырсыктар коркунучу бар жерде табийгат кырсыктардын алдын алууга, калктын аярлуу катмарына, майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, социалдык ооруларга жана башка социалдык маселелерди чечүүгө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, энелер күнүнө, согуш мезгилинде тылда кызмат кылгандарга, Баатыр энелерге, Ооганчыларга, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жардам берүү үчүн акча каражаттары каралсын.
10. Айылдык кеңештин иш аракеттерин жана иш кагаздарын жүргүзүү (токтомдорду юстициядан каттоодон өткөрүү, маалымат каражаттарына жарыялоо, интернет байланышына ж.б) үчүн акча каражаты каралсын.
11. Айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын өнүктүрүү максатында жазылган долбоорлорду ишке ашырууга багытталган иш чараларга жана өздүк салымдарды кошууга керектелген каражаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланаары белгиленсин.
12. Айыл өкмөттүн штаттык бирдигинен сырткары убактылуу келишимдин негизинде иштеген кызматчылардын эмгек акыларын төлөп берүү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлсүн.
13. Айыл аймагында балдар бакчасында тарбияланган балдардын тамак-ашына, балдар бакчасынын комуналдык кызматтарына( электр энергия, көмүр), курулуштарды ремонттоо жана айыл чарба буюмдарына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
14. Токтом кабыл алынып бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “ финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |