Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 105а
“ Большевик айыл тургуну Н.Борубаевдин арызы боюнча “
Ак-Жар айылдык Кеңеши Н.Борубаевдин өз короосуна өз каражаты менен 100дүк трансформатор (“Сайпи” КТП618) орнотуп, кеткен материалдарды ж.б документация иштерин да өзү көтөргөндүгүнүн жана жазган арызынын негизинде талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Большевик айылындагы “Сайпи” КТП618 100дүк трансформатору кийинки мезгилде 160тык трансформаторго алмаштырылып, негизинен Большевик айылынын элин тейлеп жаткандыгы, кетирген каражаттары эске алынып арыз ээси Н.Бөрүбаевге айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100,0 (жүз ) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилүүсү айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |