Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 106
“Ак-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан айылдардагы жашоочуларды ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыздоо максатында Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасын түзүлүүсүнө макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Жар айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар, Какыр, Большевик,
Семиз-Көл айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыздоо максатында «Орто-Азия-Булагы», «Зам-Зам-Суу» ишканаларынын базасында Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» аталышындагы муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар, Какыр, Большевик, Семиз-Көл айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен туруктуу камсыздоо максатында Биргелешкен жаңы«Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы түзүлүүсүнө макулдук берилсин жана төмөндөгүдөй аталсын:
Толук фирмалык аталышы: “Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы”.
Мамлекеттик тилде: “Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы”.
Расмий тилде аталышы: “Муниципальное предприятие Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу»”.
Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» Муниципалдык ишканасынын кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» МИ”.
Расмий тилде аталышы: “МП Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу»”.
Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Өзгөн району, Ак-Жар айыл өкмөтү, А.Ташиев көчөсү №101
2. Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын жетекчилигине бул мезгилге чейин Ак-Жар, Какыр айылдарын тейлеген “Зам-Зам-Суу” таза суу ишканасын жетектеп келген Т.Б.Тилекматовго макулдук берилип, айыл өкмөтүнө сунуш кылынсын.
3. Биргелешкен жаңы «Ак-Жар-Таза-Суу» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Максутов Кылычбекке жүктөлсүн.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |