Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 108
“ Ак-Жар айыл тургуну К.Уметовдун арызы жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Ак-Жар айыл тургуну К.Уметовдун совхоз мезгилиндеги курулуш цехин менчиктештирип, (0,81 га гос акт 4 № 597150) бирок кийинки мезгилде үй салууга уруксат ала албай жүргөн жагдайларды эске алып
Токтом кылат:
1. Ак-Жар айылынын тургуну К.Уметовго өзү менчиктештирген курулуш цехинин ээлеген (0,81га) аянтынан ынгайлуу жерге өзүнө караштуу адамдарга үй куруу үчүн 0,30 га ( 0,10 х 3) кайрак жерге уруксат берүү жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын ген планына ушуга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай , комуналдык менчик боюнча адиси Б.Кыдыргычовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |