Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVI сессиясы
2020-жылдын 28-декабры № 109
“Семиз-Көл айылындагы Ж.Анашов атындагы айылдык клубка штат бирдигин сунуш кылуу жөнүндө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Семиз-Көл айылындагы Ж.Анашов атындагы айылдык клубуна айылдын тоолуу, өзгөчө шартын эске алып, карап талкуулап чыгып
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Семиз-Көл айылындагы Ж.Анашов атындагы айылдык клубка айылдагы алыскы, өзгөчө шартын эске алуу менен бир көркөм жетекчилик штат бирдигин берүү Өзгөн райондук маданият бөлүмүнө сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Тургунбаев |